Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:09

ПРЕЗИДЕНТТИН КОМАНДАСЫ БӨЛҮНҮП ЖАРЫЛА БАШТАДЫБЫ?


Соңку күндөрдө коомчулукта Акүйдүн жогорку кабатындагы бийлик төбөлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер, тирешүүлөр күчөгөнү тууралуу ар кыл сөздөр айтыла баштады. Айрым саясатчылар муну президент Бакиевдин командасындагы ажырым катары сыпаттап, Акаев доорунун акыркы күндөрүнө салыштырууда. Байкоочулардын дагы бир тобу аны эзелтен эле болуп келген аксарай оюндарына салыштырып, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин айтып жатышат.

Акүйдүн 6-7 кабатындагы бийлик төбөлдөрүнүн ортосунда президенттин саясатына нааразы болгондор бар экенин алгач кечээки маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев ачыкка чыгарган. Депутат «Азаттыкка» берген маегинде айрым чиновниктер президенттен реформа жүргүзүүнү талап кылып жатканын белгиледи:

- Бизге жеткен маалыматтар боюнча, Акүйдүн 6-7-кабаттарында катуу талаш-тартыштар болуп атат. Президент кандайдыр бир кадамдарга барып, рефорамаларды жүргүзбөсө бул командада иштөөсү мүмкүн эместигин айтып аткандар бар. Бул тенденция 7-кабатта эле эмес, парламентте, жалпы эле коомдо жүрүп жатат.

Депутат Мелис Эшимканов болсо аксарай оюндары күчөгөнүн байкаганын, президенттин командасы чакчалакей абалда иштеп жатканын айтат:

- Маңзат чатагы боюнча мамлекеттик комиссиянын ишине катышып жатып, жогорку кызматтагылар ар кимиси ар башка сүйлөп, бири-бири менен тирешкенине абдан таң калдым. Ынтымактын жоктугуна, интригалар жүрүп жатканына көзүм жетти. Азыр президент Бакиев жана анын командасы чакчалакей абалда иштеп жатканы сокурга деле көрүнүп калды.

Канткен менен коомчулукта мындай абалды эзелтен боло келген мыйзам ченемдүү көрүнүш катары сыпаттагандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Исхак Масалиев Акүйдөгү азыркы абалды Акаев доорунун акыркы күндөрүнө салыштыргандарга кошулбаганы менен анын кандайдыр белгилери бар дейт:

- Бийликтегилердин пикири дайыма эле дал келе бербестиги белгилүү. Муну Акаев учурундагы акыбалга окшоштургандарга кошулбайм. Анын симптомдору болушу мүмкүн, бирок ошондогудай кырдаалга жетип калды деп ойлобойм.

«Агым» гезити бүгүнкү санында бийлик төбөлдөрүнүн бир тобу президентке азыркы абал боюнча кат жолдогонун жазып чыкты. Депутат Мелис Эшимканов да бул тууралуу айтып, азыркы абалды мурдагы бийликтин соңку күндөрүнө салыштырат:

- Кудум ошондой болгон. Кеме чөгө баштаганда келемиштер кача баштайт, интригалар, бири-бирине бут тосмойлор күчөйт. Маалыматтарга караганда, Үсөн Сыдыков, Марат Кайыпов, Адахан Мадумаров, Досбол Нур уулу президентке каталарды тез арада оңдобосоңуз, чечкиндүү кадамдарга барбасаңыз болбойт деген мааниде кат жазыптыр.

Юстиция министри Марат Кайыпов болсо мындай сөздөрдү төгүндөп, президентке эч кандай кат жазбаганын айтат:

- «Агымдагы» «7-кабаттагы тебишмейлер» деген кабар туура эмес. Мен эч качан президентке андай кат жазган эмесмин.

Ошентип коомчулукта аксарай оюндары, тирешүүлөр күчөгөнү тууралуу ар кыл сөздөр айтылууда. Оппозициялык топтор болсо 2-ноябрдан тарта өлкө жетекчилеринин кызматтан кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштаарын улам-улам эскертүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG