Кечээ Маскөөнүн четки көрүстөнүнө сөөгү коюлган Анна Политковскаяны акыркы сапарга узатуу каадасына чет элдик дипломаттар, кесиптештери, маскөөлүктөр чогулушту. 48 жаштагы айымдын киши колдуу болуп өлүшү канчалаган орусиялыктарды кайгыга батырганы менен өлкөнүн жетекчилиги ооз ачпай жүрүп алышы ар кыл пикирлерди жаратты. Алардын бирин Карнеги борборунун анализчиси Людмила Шевцова «Азаттыктын» кабарчысына айтты:
«Курск кемеси сууга чөккөндө, Норд-Ост же Бесланда кан жуткузган окуялар чыкканда президент Путин пикирин айтуудан качып жүрүп алган. Ал мамлекетте болгон жамандык үчүн жооп бергиси келбейт ошон үчүн качат», - дейт Шевцова айым.
Өлкөдө адам укугу тепсөөрүндө калып, маалымат каражаттары ооздукталган кезде коомчулукту эки бөлүп кароо бийликке адат экенин Орусиялык журналисттер союзунун катчысы Игорь Яковенко айтты: «Путин бүт дүйнөнү өз жана өзгөгө бөлөт. Политковскаяга карата мамилесин айткыбыз келсе, анда ал, Путин өзүбүздүкү деген кишилер эсебине кирген эмес», - дейт ал.
Политковская журналист гана эмес бийликтин саясий оппоненти болгондугун жана аны Кремил жок кылдырганын ЯБЛОКО партиясынын лидери Григорий Явлинский маркумду узатуу каадасы үстүндө айтты. Ошондуктан бул жерде жоопкерчилик бийликте экенин белгиледи.
«Бардык болуп аткандарды өлкөнүн жетекчилиги моюнуна алат. Ал анын (Политковская бийликтин – ММ) түздөн түз саясий оппоненти болчу», - деди Явлинский мырза.
Политковскаянын киши колдуу болуп өлүшү боюнча «Кавказ түйүнү» сайты: «Анна Политковскаянын канын кремлдик бийлик төктүрдү», - деп жазды. «Коммерсант» саясий чөйрөдөн алган маалыматына таянып: «кандайдыр бир «кара тизме» пайда болуптур анда бийликти сынга алган журналисттер аттары да жүрөт», - деп жазат.
Ал эми «Демократиялык союз» лидери Валерия Новодворская алдыңкы күнү «Азаттыкка» айткан пикиринде андай тизмени «Кремл менен Лубянка жана К» - б.а. тизмедегилерди жок кылуу үчүн тапшырма алган топ түзгөн.
Муса Мураталиев, Маскөө