Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:53

ПАРЛАМЕНТТИК КОМИССИЯ АЙДАР АКАЕВДИ ДЕПУТАТТЫКТАН АЖЫРАТКАН ЧЕЧИМДИ КОЛДОДУ


Парламенттик комиссия бүгүнкү жыйынында Айдар Акаев менен Муратбек Малабаевди депутаттык мандаттан ажыраткан Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоо тууралуу тыянак чыгарды. Бул арада Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК чечимин жокко чыгаруу боюнча Айдар Акаевдин адвокаттарынын арызын карай баштады.

Парламенттик комиссияга Айдар Акаев жана Муратбек Малабаевди депутаттыктан ажыратуу маселесин иликтөө милдети тапшырылган эле. Бирок комиссия тыянак чыгарганча эле Борбордук шайлоо комиссиясы 5-октябрдагы жыйынында Айдар Акаев менен Муратбек Малабаевди депутаттыктан ажыраткан чечим кабыл алган. БШК аны эки депутаттын узак убакытка өлкөдөн чыгып кетишине жана парламент жыйындарына катышпаганына негиздеген. Ал эми парламенттик комиссия төрагасы Мелис Эшимканов БШК комиссия бүтүмүнөн эрте чечим чыгарып жибергенин туура көрбөгөнүн буга дейре айтканы бар. Бүгүнкү жыйында комиссия мүчөлөрү ушул маселени козгоду. БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов баары мыйзам чегинде, тиешелүү документтердин негизинде болгонун, БШК парламенттик комиссия тыянагын күтүүгө милдеттүү эмес экенин белгиледи.

Жыйында депутат Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин эрки жетпей келе жаткан маселени Борбордук шайлоо комиссиясы чечип койгонун колдоорун, ага жетиштүү далилдер бар экенине токтолду:

- Айдар Акаев бир жарым жылдан бери Кыргызстанда жашабаганы баарыбызга белгилүү. Экинчиден, депутаттын иши ЖК жыйындарына катышуу, округунда акча таратыш, көпүрө салыш, же кимдир бирөөлөр аркылуу шайлоочуларын бир нерселерди берип койуш эмес. Март ыңкылабы ошондой арам акчаларды таратуудан чыкпады беле…

Жыйында негизинен комиссия мүчөлөрүнүн дээрлик бардыгы БШК чечимин колдой турганын белгилешти. Суроо-жооп учурунда БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов саясий чечим болбогонун дагы бир жолу бышыктады:

- Эч кандай саясий чечим болгон жок. Андай болсо былтыр эле кылбайт белек. 1-сентябрда Малабаев келет дешти, аны да күттүк. Бирок Айдар Акаев да, Мурат Малабаев да келген азырга чейин келген жок.

Акыры парламенттик комиссия БШК чечимин колдоо бүтүмүнө келди. «Парламенттик комиссия БШКнын Кемин шайлоо округу боюнча Айдар Акаевдин жана Отузадыр шайлоо округу боюнча Мурат Малабаевдин депутаттык полномочиелерин алуу тууралуу токтомун туура деп тапты. Эми парламенттик комиссиянын ишин мындан ары улантабызбы же токтотобузбу деген маселени эртең палатага алып чыга турган болдук», -деп билдирди "Азаттыкка" комиссия төрагасы Мелис Эшимканов.

Бул арада Бишкектин Биринчи май райондук соту БШК чечимин жокко чыгаруу боюнча Айдар Акаевдин адвокаттарынын арызын карай баштады. Бүгүн башталган сот иши тиешелүү документердин жоктугуна байланыштуу эртеңкиге жылдырылганын «Азаттыкка» Айдар Акаевдин адвокаты Чолпонбек Айтбаев билдирди. Ошентип сот иши эртең кайрадан улантылмакчы.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG