Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:39

ЖК КОМИТЕТИ: БАШ ПРОКУРОР КЫЛМЫШ ЖООБУНА ТАРТЫЛСЫН!


Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты комитети кечээки отурумунда башкы прокурор Камбараалы Конгантиевдин ишмердүүлүгүн канагаттандырарлык эмес деп таап, кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Комитет ошондой эле Камбараалы Конгантиевге ишеним көрсөтпөө маселесин карап чыгууну парламентке сунуштады.

Камбараалы Конгантиевдин ишмердүүлүгүн ар тараптуу иликтөө август айында башталган. Буга башкы прокуратуранын жооптуу кызматкерлери Галина Пугачеванын, Фатима Иманалиеванын, Аскар Ысламовдун жана Ленин районунун прокурору Абас Аппаковдун арыздары себеп болгон. Өздөрүн ээлеген кызматтарынан мыйзамсыз кичирейтти деп санаган прокурорлор Камбараалы Конгантиевдин кадр саясатына нааразылык билдирип Президентке, Жогорку Кеңешке кайрылышкан. Кызмат орундарын калыбына келтирип берген райондук сот чечимдерин аткарган жок деп кине койгон прокурорлор Кылмыш Кодексине ылайык башкы прокурорду жоопко тартууну талап кылышкан.

Жогорку Кеңештин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана маалымат саясаты комитетине катышкан депутаттар башкы прокуратурада болуп жаткан чыр-чатак өлкөдө мыйзамдуулукту калыптоого тескери таасир тийгизер жосунсуз жорук катары баалашты. Отурумдун төрагасы Каныбек Иманалиев маселенин төркүнүн мыйзамдын кадыры кетип жаткандыгы менен байланыштырды. Депутат Өмүрбек Текебаев комитетти мыйзам бузган жетекчилерге сабак болгудай чечим чыгарууну сунуштады:

- Мен комитетке сунуш кылам: сот чечимин аткарбаган адамдар «Кылмыш кодексинин» алдында жооп бериши керек. Аларга иш козгогонго жетишибиз керек. Экинчи, мындан кийинки прокурорлор сот менен азилдешкенге болбой турганын билиши керек… Эгер Бакиев ордуна кое албай турган болсо биз – эл өкүлдөрү ордуна коюшубуз керек.

Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн буга чейин президенттик администрация комиссиясы да иликтеп, мыйзам бузуу бар деген тыянак чыгарган жана катачылыкты оңдоого баш прокурорго бир айлык мөөнөт берген болчу. Комиссия төрагасы, президенттик администрациянын каттар бөлүмүнүн башчысы Токтокүчүк Мамытовдун айтымында, учурда атайын прокуратураны кайра түзүү боюнча соттук териштирүүлөр уланып жаткандыктан, баш прокурорго байланышкан маселени дароо чечүү мүмкүн эмес:

- Бир ай мөөнөт бергенбиз. Булар 19-октябрда чукул аткарчу иштер боюнча булар жооп беришет. Ал эми сотко тиешелүүлөрдү кийинки баскычта жооп берет. Бул маселе президенттик администрациянын көзөмөлүндө турат.

Бирок, депутаттар өлкөдөгү башкы мыйзам сакчысы кетирген катага президент чечкиндүү баа бере албай, сот менен парламентке сала-сал кылып жатат деген доомат коюшту, президентти чечкиндүүлүккө чакырышты:

- Ар ким өзүм билемдик кылып атат. Ошонун кесепетинен минтип маңдай-тескей отурабыз. Мен да Өмүрбек Чиркешовичти (Текебаев) колдойм, президент Конституциянын кепили катары өзүнүн эркин, каалоосун көрсөтүшү керек, - деди депутат Азимбек Бекназаров.

Депутаттардын кескин сындарынан кийин комитет Камбараалы Конгантиевдин ишмердиги канагаттандырарлык эмес деген тыянак чыгарды. Комитет мүчөсү Мелис Эшимканов бул чечимге өзүнүн сунушун киргизди:

- Конституция баштаган көптөгөн мыйзамдарды бузганы үчүн кылмыш ишин козгоо жөнүндө пункт киргизилсин, бул кишиге ишеним көрсөтпөө маселеси палатага жакынкы күндөрү алып чыгылсын, анан Президенттик администрация комиссиясынын сунушундагы Бишкек шаар ички иштер башкармасы Молдомуса Конгантиевдин кылмыш жоопкерчилиги боюнча да өзүнчө пункт киргизилсин.

Мелис Эшимканов белгилеген Молдомуса Конгантиевдин ишмердүүлүгү да ишкер Курмуш Сулеймановдун арызынын негизинде баш прокурордун иши менен бирге президенттик комиссиянын иликтөөсүнө алынган. Анткен менен Камбараалы Конгантиев инисин эч качан коргоп көрбөгөндүгүн, эгер мыйзамды бузса мыйзам алдында жооп берерин белгиледи. Өзүнүн мыйзам бузууга барган-барбаганын сот аныктаарын кошумчалады:

- Мыйзам бузду деп атасыз. Бүгүн реорганизация боюнча мыйзам бузулдубу-бузулган жокпу, аны эч ким аныктай элек. Сот карасын, чечимин чыгарсын.

Ушундай көз караштагы баш прокурор сот чечими чыккыча баа берүүгө шашылбай кое турууну комитетке сунуш кылды. Бирок, комитет бул сунушту эске алган жок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG