Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

РОЗА ОТУНБАЕВА : “БИЗ АКАЕВДИН ТӨРТҮНЧҮ МӨӨНӨТҮНДӨ ОТУРАБЫЗ»


Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылынын, жарандык коомдордун, саясий партиялардын өкүлдөрү жалпы Улуттук форум өткөрүшөт. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий абал, Конституцияны реформалоо маселелери талкууланат. Бул иш чара башталардын алдында “Асаба” партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева анда козголчу маселелер боюнча “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Бүгүнкү форумга сиз да барасызбы?

- Бүгүнкү форумга мен да барам.

- Жыйынга Акүйдөн айрым өкүлдөр келиши мүмкүн, бирок президент менен премьер- министр келер бекен, маалыматыңыз жокпу?

- Менин билишимче премьер-министр сөзсүз келет, президент да кечээ келгенге даяр болуптур.

- Форум бийлик менен оппозициянын сүйлөшүүсүнүн бир ыкмасы, мындан бир жыл мурун шайлоо алдында, өзгөчө саясий реформалар боюнча берген убадаларды дагы бир ирет эске салчу жыйын катары каралууда. Сиз ошондой диалог болот деген ишеничте турасызбы?

- Оппозициянын талаптары акыркы убакта бир нече жолу айтылган, бийликке жиберилген. Бозпиек боюнча да, андан кийинки Жогорку Кеңештин чечимдери да баары эле бир багытта болуп атат. Бир топ талаптарды айтып келе жатышат. Форумга келген эл эмне эле элди дүрбөтүп, иштетпей атат деген суроолорго ошол жерде катышуучулардын сөзүндө аргументтер чыгат. Азыр “Агым”, “Алас” гезиттеринен башка ачык жазгандар жок. Өзгөчө КТР, баары жакшы деп башка маалыматтарды берип атат. Бийликке кайсы дооматты айтпа, балдарга бекер тамак берилип атат деген бир жообу бар. Ошондуктан бүгүнкү форумда эмне себептен реформа токтоп атат, эмне себептен бийлик реформага барбай атат деген суроолорго көп жооптор болуш керек. Ошолордун барын форумга келген чет элдик жана биздин журналисттер, силердин радиоңор да элге түшүндүрүп, таратып, айтып берсе туура болот эле. Анткени, биз мурдагы жылкы жолдорго түшүп калдык. Дале тирешүү катары болуп калды. Кандай Акаевдин бийлиги оппозициянын оозун жапчу эле, кантип ошол замандагы Сегизбаевдер жооп берчү эле, дале ошол кайталанып келе жатат. Мындай тирешүүлөр жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан азыр бийлик баягы Акаевдин учурундай эле укмаксан, билмексен, көрмөксөн болуп турбай, оппозиция эмне деп айтса ошону угуп, эмне аргументттери бар экен ошону тыңшаганга, түшүнгөнгө аракет кылыш керек.

- Кокус диалог болбой, тараптар бири-бирине ынанбай калса, анда 2-ноябрдагы нааразылык митинг башталат деп күтө берсе болобу?

- 2-ноябрга чейин кандайдыр бир чаралар колго алынат экен. Талаптын ар бири кыйкырып турган абдан маанилүү, абдан орчундуу талаптар. Ошолор кандай жолго cалынат экен, чечилет экен деген үмүттө турабыз. Эл жөн эле Акаевдин колунан бийликти Бакиевдин колуна жулуп алып берип, эми тынч отура бер, беш жыл сеники деп берген жок болчу. Эл жакшы турмушка үмүттөндү эле. Азыр эч айырма жок, биз Акаевдин төртүнчү мөөнөтүндө отурабыз. Акаевдин режими жокко чыксын, Конституциялык реформа ишке ашырылсын, бийликтин нугу өзгөрүлсүн деген иштердин үстүндө иштейбиз.

Улан Алымкул уулу маектешти.

XS
SM
MD
LG