Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

АЙДАР АКАЕВДИ ДЕПУТАТТЫК МАНДАТТАН АЖЫРАТУУ ИШИ СОТТО КАРАЛЫП ЖАТАТ


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту №57 шайлоо округунан Жогорку Кеңешке шайланган депутат Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратууга байланыштуу ишти кароону улантат. Аталган депутатты мандатынан ажыратуу боюнча БШК 5-октябрда , ал эми парламенттик комиссия 11-октябрда чечимдерин чыгарып беришкен эле.

Айдар Акаевдин ишенимдүү өкүлү жана адвокаты Чолпонбек Айтбаевдин айтуусунда БШК кыска убакыттын ичинде Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратып коюуга укугу жок болчу:

-Айдар Акаевди мандатынан ажыратуу маселеси өзүнчө каралууга тийиш болчу. Бул БШК отурумунун протоколуна да киргизилген эмес. Отурумдун башында эле “ар түрдүү маселелер” деген бөлүгү боюнча карап, беш мүнөткө жетпеген убакытта эле карап салышкан.

Адвокат Чолпонбек Айтбаевдин сотто көрсөткөн маалыматы боюнча, депутат Айдар Акаев жашаган жери боюнча Бишкек шаарында катталган. Ал документалдуу түрдө эч жакка чыгып кеткен эмес:

-Бизде бардык документтер бар. Жашаган, катталган жери—Бишкек шаары. Үй башкармалыгынан, паспорт столдон Айдар Акаевдин Бишкекте катталып турганы тууралуу документтерди апкелип, сотко өткөрүп бердик.

Ал эми БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов Айдар Акаевдин 2005-жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстанда жашабагандыгы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарды:

-Ички иштер министрлиги жалпы республика боюнча паспорт столдордон, кошуналарынан түшүнүк каттарды алган. Айдар Акаев чынында Кыргызстанда жок, жашабайт.

Туйгуналы Абдраимов Конституциянын 56-беренеси боюнча эгер парламенттин депутаты кызматына тиешеси жок түрдө Кыргызстандан сыртка биротоло жашоо үчүн чыгып кетсе, депутаттык мандаттан ажыратыларын да белгилеп кетти.

Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча ишти кароону Биринчи май райондук соту бүгүн улантмакчы.

2005-жылдын 26-мартынан бери парламенттин отурумдарына катышпагандыгы үчүн №57 Кемин шайлоо округунан шайланган депутат Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Ошол эле учурда депутаттын шайлоочулары Айдар Акаевди коргоо комитетин түзүп, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кемин шаарчасында митинг өткөрүшкөн. Алар өздөрүнүн депутаты Жогорку Кеңештин отурумдарына катышпаганы менен шайлоочуларына түрдүү жардамдарды берип келе жатканын белгилешет.

Бирок БШК да, парламенттик комиссия да мыйзамга ылайык, депутат Жогорку Кеңештин отурумдарына катышып, мыйзамдардын жазылышына салым кошууга милдеттүү деген себеп менен Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин чыгарып берген.

XS
SM
MD
LG