Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

УЛУТТУК ФОРУМ : ФЕЛИКС КУЛОВГО ОППОЗИЦИЯ ЫНАГАН ЖОК


"12-октябрда өткөн улуттук форумга келген өкмөт башчы Феликс Куловдон биз көптү күткөн элек, биз андан президент Бакиев менен сүйлөшүп, бир чечимге келип, анан форумга келди го деп ойлогонбуз. Бирок Кулов биздин үмүттү актаган жок", деп билдирди депутат Болот Шерниязов.

Андан кийин чыгып сөз сүйлөгөндөрдөн Алмаз Атамбаев дагы "нан кармап, ант, шерт берген Бакиев менен Кулов 2-ноябрга чейин мурда берген убадаларын аткарсын, биз бир үй-бүлөнүн, бир уруунун ордуна экинчисин багыш үчүн 24-мартта жаныбызды оозубузга тиштеп аянтка чыккан эмеспиз", деди.

Азимбек Бекназаров болсо азыр Кыргызстанда Аскар Акаев Москвага командировкага кетип, анын ордуна Бакиев баягы премьер-министр кезинде отургандай эле таасир бар, ошондуктан тандем бийликтен кетмейинче Кыргызстан оңолбойт, деди.

Роза Отунбаева болсо азыр Кыргызстанда Аскар Акаевдин төртүнчү мөөнөтү өз өкүм-бийлигин жүргүзүп жатат, бул бийлик кетиши керек деди.

Форумга катышкан премьер-министр, өкмөт мүчөлөрү мындай айыптоолорго каршы болушту. Атап айтканда Феликс Кулов оппозицияны жана атуулдук коомду силер конкрет сунушуңарды бергиле, мисалы, сот реформасы кандай жүрүшү керектигин айткыла, деди.

Ал эми Коргоо министри Исмаил Исаков "силердин артыңарда эле эл барбы? Биздин артыбызда да эл бар", деди эле, аны залда отургандар Исаков артындагы армиясын айтып жатат го деп, ага "2-ноябрда армияны аянтка алып чыгасызбы?" деген суроо беришти эле, ага министр "жок" деп жооп берди.

Данияр Үсөнов болсо оппозицияны 2-ноябрга чейин форматынын формаларын ойлонуп, бийлик+оппозиция+атуулдук коом кылып, кеңешели, маселелерди талкуулайлы деди. Ага Бекназаров "Реформа үчүн" кыймылдын атынан чыгып сүйлөп, "Акаевдин тушунда дагы ушундай форматта далай жолукканбыз, биздин койгон талаптар боюнча гана сөз болмоюнча ага макул эмеспиз" деди.

Президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Медет Садыркулов болсо президент Бакиевге чакыруу кагазы кеч жетип калган үчүн ал келбей калганын айтты. Асия Сасыкбаева болсо президент формалдуу гана кемчиликтерди бетке тутуп, а чындыгында элден качып келбей койгонун айтты.

Форум резолюция кабыл алуу менен аяктады. Анда оппозиция мурда кабыл алган талаптарды аткаруу, Жогорку Кеңеш "матрешка" чыры боюнча кабыл алган токтомду 2-ноябрга чейин аткаруу талабы коюлду.

Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG