Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:01

РОССИЯДА ЖАЛДАНМА ЖАНКЕСЕРЛЕР КУТУРДУ


Акыркы бир айда эле Россияда зобололуу үч адам – Борбордук банк төрага орунбасары Андрей Козлов, күрөшкер журналист Анна Политковская,анын соңунан Внешторгбанктын башкаруучусу Александр Плохин жалданма жанкесерлердин огунан мерт болушту. Байкоочулар Россияда мындай абал 90-жылдардын орто ченинде болгонун эске салып, өлкө эски жолоюна кайра түшө баштады дешет.

90-жылдардын кап ортосундагы кырдаалды байкоочулар Россиядагы “жапайы Батыш” доору деп аташкан. Жалданма кишиатарлар саясий ишмерлерди, бизнесмендер менен банкирлерди дээрлик күнү куру эмес тындым кылып турушкан. Статистикалык так маалыматтарды табуу кыйын, бирок мындан сегиз жылдай илгери Думанын депутаты Галина Старовойтованын өлүмүнөн кийин табыштап киши өлтүрмө кылмыштын мизи майтарылгандай туюла баштаган эле.

Россиялык NTV телеканалында криминалдык окуялар түрмөгүн алып барган авторлордун бири Михаил Тукмачев табыштап киши өлтүрткөн чуулган кылмыштар он эки же он беш жыл мурдагыга салыштырганда азыр сейректеп баратканын айтат. Муну ал мамлекет кылмыштын кылтасын чындап кыркканынан эмес, өлкөдөгү байлыкты жана бийликти бөлүштүрүп бүткөндөн, көптөгөн криминалдуу топтор жең ичинен мунасага келип,бир-бирине катылбай оокат кылуу тууралуу бүтүм түзгөндөн улам болуу керек деп болжолдойт.

Бирок акыркы окуялар Россияда криминал дагы баш көтөрүп, жалданма кишиатарлар кайрадан кутура баштаганын көрсөттү. 2004-жылы Москвадагы жыйындардын биринде коопсуздук кеңешинин ошо кездеги катчысынын орунбасары Валентин Степанков 2003-жылы эле уюшкан кылмышкерлер жалпы өлкөдө 5 миңдей кишини жайран кылганын мисалга келтирген эле.

Швециялык эксперт Андерс Ослунд Россияда экономикалык кеңешчи болуп бир топ жыл иштеген. Сомодой эки банкирдин өлүмүн ал ашкере коррупциядан көрөт. Мамлекеттик компанияларда коррупция канчалык кеңири жайылса, табыштап киши өлтүрмө кылмыштар ошончо көп болот, дейт ал.

Европарламенттеги “жашылдар” фракциясынын лидери Даниэл Кон-Бендит россиялык бийликтердин быкыйын чукуп, айрыкча чечен жериндеги былыктарын тайманбай ашкерелеп жүргөн журналист Политковскаянын тындым кылынганы үчүн жоопкерчиликти Кремлдегилер көтөрүшү керек деп эсептейт. Анна Политковская эки ирет Европарламентте болуп, Чеченстандагы кырдаал, Россиядагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу маалымат бергенин айтып, Кон-Бендит ким бирөө анын өлүмү үчүн бир киши жоопкер деп айтканын эске салды. “Эми канцлер Маркель ошол жоопкер киши менен бир үстөлдө отуруп,ага табакташ болмокчу”, - деп айтты Кон-Бендит 20-октябрда Финляндияда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууга ишара кылып.

Евросоюз өкүлдөрү жолугушуу учурунда Политковскаянын өлүмүнө байланыштуу маселени президент Путин менен атайын талкуулаганга сөз беришти. Шейшемби күнү Германияда болгон кезде Путин бул темага биринчи ирет кайрылып, Политковскаянын макалалары өлкөнүн саясий турмушуна таасир тийгизген эмес,бирок анын өлүмү Россиянын кадырына шек келтирди деп айткан эле.

NTV телеканалынын кызматкери Тукмачев акыркы кыянаттардан улам Москванын укук структураларына жана мамлекеттик деңгээлде алардын дегеле өлкөгө эмне кереги бар, ушуну ойлонуп көрө турган убакыт келди деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG