Өлкөнүн Каржы министрлигинин демилгеси менен даярдалган күйүүчү майларга акциз салыгын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору парламентте кабыл алынып калса бензин менен дизель майынын акциз салыгы 4 эсе, мазуттуку 3 эсе көбөйүп, анда күйүүчү майлардын 1 литринин сатык баасы да 2-4 сомго жогорулашы ыктымал.
Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетовдун айтымында мурда авиакеросин менен чийки мунайзатынан акциз салыгы алынбаса, жогорудагы мыйзам долбоорунда бир тоннасына 2 миң сомдон 600 сомго чейин акциз салыгы чектелүүдө. Акциз салыгын көтөрүү менен казынага киреше арбын түшмөк тургай, контрабанда күчөп, экономикада, социалдык абалдын кыйынчылыктарын жаратышы мүмкүн.
Учурда болжол менен өлкөдө 300 миңдей автоунаа болсо, анын 250 миңи күн сайын күйүүчү май керектейт. Өлкөнүн аймагында 12 аэропорт болсо, авиакеросиндин кымбат болушуна байланыштуу Ош жана Жалалабаттагы аэропорттор гана иштеп, алар деле толук мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланбай келет.
Нарындык айдоочу Аманбектин айтымында күйүүчү май кымбаттаса, тейлөө тармагы , азык- түлүк, тамаш- аштын баасы дагы жогорулап, калк кыйын абалга туш болот.
Мунайзатка акциз салыгын жогорулатуу кыргыз экономикасына пайда алып келбей зыян гана алып келээрин көзкарандысыз эксперт Алмаз Тажыбай да белгиледи.
Кыргызстан өзүндөгү мунайзат байлыктарын өздөштүрүүгө чамасы жетпегендиктен Орусия менен Казакстанга көз каранды. Өлкөнүн мунайзатты керектөөсүнүн 98 пайызын Орусия камсыз кылат. Ошондуктан “Газпром нефти Азия” компаниясы түзүлүп алар күйүүчү майды дүйнөлүк нарк менен эмес Кыргызстанга арзан баа менен жөнөтүп, муктаждыктан чыгарууда. Ошондой эле сырттан мунай зат ташып келген ишканалар өлкөгө өткөн жылы 1 миллиард 200 миллион сом салык төлөшкөн.
Парламенттин мурдакы депутаты Орозбек Дүйшеев экономикалык кыйынчылыктарды эске алуу менен күйүүчү майларга акциз салыгын төмөндөткөн мыйзамды мурда кабыл алышканын айтып, аны жогорулатуу кыйынчылыктарды жаратаарын, контрабанданын күчөшүнө алып келээрин билдирди.
Жогорку кеңештин депутаты Маамытбай Салымбековдун айтымында парламент күйүүчү майларга акциз салыгын жогорулатуу боюнча мыйзам долбоорун карай элек. Депутаттын айтымында өлкөнүн экономикасын көтөрүү үчүн сырттан мунай зат алып келип жаткан ишкерлер акциз салыгынын көлөмү жогоруласа да төлөшү зарыл. Себеби, бир топ жылдан бери акциз салыгын төлөбөй байыган фирмалар, ишкерлер арбыды. Акциз салыгынан жеңилдиктер берилгенден бери бензиндин баасы 11 сом болсо, учурда бир литри 20 сомдон ашты. Баа төмөндөбөй эле жогорулап баратат, Ал эми дүйнөлүк рынокто мунайзаттын баасы улам төмөндөп баратат. “Айыл чарбада иштеген фермерлерге гана өкмөт компенсация төлөп берүүсү керек” дейт депутат Маамытбай Салымбеков.