2005-жылдын 13-октябрында Налчикте болгон окуяны мен уюштургам деп дароо Шамил Басаев жарыялаган. Ал өзү үстүбүздөгү жылдын июлунда өлтүрүлдү. Бирок дагы эки башка бирикме - "Кавказ фронту" жана "Ярмук" деген уюмдар дагы Налчиктеги окуяны биз даярдаганбыз деп билдирген. Тергөө кантип жүрүп жатканы жөнүндө орус бийлиги калкка маалымат бербейт.
Окуя болгон учурда жарыяланган расми маалыматтарга караганда, жакшы даярдалган террорчулар тобу жергиликтүү милиция түйүндөрүнө жана бийлик имараттарына кол салган, коопсуздук кызматы менен милиция аларга каршы күч колдонууга аргасыз болгон, салгылашуу бир күн бою уланып, анын натыйжасында 33 милиция менен 92 террорчу курман болгон.
Анткен менен өлтүрүлгөн ал террорулардын денелерин бийлик алардын туугандарына эмгиче кайтарып бере элек, тергөөнүн кызыкчылыгында деп алар эмгиче моргдо жатат. Көптөгөн жаш жигит набыт кеткен, алардын ата-энелеринин айтымында, балдар эч качан колуна курал кармаган эмес жана жөн гана мечитке барып, акыркы мезгилде динге өтө берилип кеткендиги менен айырмаланган.
Окуядан кийин бийлик жергиликтүү жаштарга каршы катаал чараларды көрүп, мечитке барган абдан көп башка балдарды да кармаган. Али Пшиготыжев деген адамдын айтымында, анын 29 жаштагы уулу Заурду дагы милициялар 13-октябрдагы окуяга катышкансың деп бир нече жолу кармап, суракка алган, кийин болсо жигит дайынсыз жоголуп кетти.
Заур таксист болуп иштеген жана анын атасынын айтымында, 13-октябрда ал шаарда жүргүнчүлөрдү ташып жүргөнү жөнүндө далилдер менен күбөлөр да табылган, бирок ага карабастан бийлик аны террорчуларга кошулган деп күнөөлөгөн: "Үстүбүздөгү жылдын 12-январында менин уулум дайынсыз жоголду, анын машинеси токойдо табылды. Ошондон бери ал жөнүндө маалымат жок, эч жаңылык жок, эч ким аны көргөн эмес", - дейт Пшиготыжев.
Британиянын "Гардиан" гезитинин жазганына караганда болсо, Орусиянын Чеченстандагы жана жалпы эле Кавказдагы саясатына нааразы болгон жаштар жашыруун уюм түзүп, курал чогулта баштаган сыяктуу. Алар мечиттерге барып, арак ичпей, туура жүрүп, жылдын аягында бийликке каршы көтөрүлүүгө даярданып жүргөндөй, бирок коопсуздук кызматтары алардын жашырылган куралын таап алганда, алар 13-октябрда бийликке каршы шашылыш көтөрүлүүгө аргасыз болгон. Балдардын эч тажрыйбасы жок болгондуктан, аскер менен милиция алардын көпчүлүгүн бир нече сааттын ичинде жок кылган. Айрым маалыматтарга караганда, аларды жашыруун исламдык уюм колдогон.