Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

ЭМИЛ АЛИЕВ: СИСТЕМА ӨЗГӨРМӨЙҮНЧӨ, КАЛГАН АРАКЕТТЕР БИР ТЫЙЫН


Кечээ “Реформа үчүн” кыймылынын демилгеси менен өткөн форумда өлкөдөгү коомдук саясий кырдаал, оппозициялык күчтөр бийликке коюп жаткан талаптар талкууланды. Жыйынга бийлик тараптан премьер-министр Феликс Кулов баш болгон бир катар өкмөт мүчөлөрү да келип сөз сүйлөштү. Президент Бакиев жыйынга катышкан жок. Өкмөт башчынын сөзүнө бирок оппозиция өкүлдөрү канаттанбаганын билдиришти. Форумда тараптар бири-бирин күнөөлөп гана тим болуп, бирдиктүү бир пикирге келе алышпаса да аягында президенттин катышуусу менен дагы бир жолу чогуу болуп отуруп сүйлөшүү мүмкүнчүлүгү бар экенин да билдиришти. Форумда көтөрүлгөн маселелер боюнча “Ар-намыс” партиясынын жетекчиси Эмил Алиев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

- Кечээги жыйында президент менен премьер-министрдин дарегине кайрадан ачуу сөздөр айтылды. Форум резолюция кабыл алуу менен аяктады, өзүңүз ага күбө болдуңуз. Ошол резолюцияда президенттин дарегине кайрадан багытталган талаптар да мурдагыдан конкреттештирилди го дейм. Мисалы 10 күн деген мөөнөт жүрөт, сиздин оюңузча кандай?

- Форумга катышкан кишилерди да түшүнсө болот. Анткени мурунку кайрылууларына эч кандай жооп алган эмес. Ошол эле форумду чогуу отуруп кеңешели деген максатта уюштурушкан. Азыркы шылтоолордун баары орду жок деп ойлойм. Кеңешип туруп ушул маселелерди чече баштасак элдер ыраазы болот эле.

- Сиздин баамыңызда окуялардын мындан аркы өнүгүшү Акүйгө көз карандыбы?

- Ооба. Азыркы кезде бийлик эгерде бир столго отуруп сүйлөшсө бир топ маселелер чечилип калат эле.

- Президент Бакиев да өз тарабынан саясий партия жарандык коом өкүлдөрү менен кырдаалды талкуулоо үчүн жакын арада тегерек стол өткөрүүнү сунуш кылат деген маалымат тарады. Балким эң кеч дегени эмки аптада болор. Оппозиция сиздин пикириңизде бул ирет тегерек столго кандай барат?

- Кечээги болгон талаптарга жооп бериш керек. Себеби ал талаптар аткарылбай жатпайбы. Алар деле мыйзамсыз эмес, көпчүлүк талаптар жөнөкөй эле, мурун бийлик тарабынан жасайбыз деген талаптар болчу.

- Кечээ күнкү кабыл алынган резолюцияда элдик ишенимдеги өкмөт түзүү жөнүндө маселе жүрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш өткөн айда кабыл алган токтомдо да айтылган эле. Ушул маселе канчалык реалдуу. Элдик ишеним өкмөтү деген сиздин көз карашта кандай түзүлүш керек. Азыркы оппозициянын өкүлдөрү кошулуш керекпи?

- Андай коалициялык өкмөттү түзүүгө азыр менин оюмча эч кандай шарт жок. Бул үчүн мыйзамдар керек. Элдин ишенимин алыш үчүн бул өкмөттү референдумдун, же элдин колуна салып туруп жасаш керек. Андай парламенттен деле өтпөйт. Реалдуу эмес. Себеби аны аткарыш үчүн эч кандай механизм жок. Эгерде биз жасасак мыйзамсыз болуп калат. Биз өзүбүз мыйзамсыз жолго түшүп калсак, анда бийликтин колун бош коюп коебуз, алар деле бизге мыйзамсыз чараларды колдонот.

- Ошол нерсени мыйзам жазган Жогорку Кеңеш өзү сунуш кылып атпайбы?

- Биринчи, аны мыйзам катары Жогорку Кеңештен өткөрүп туруп, добуш берип бекитиш керек. Андан кийин президент бекитет. Ошондон кийин гана коалициялык бийлик түзгөнгө жол берет.

- Дагы бир маселе, кокус 2-ноябрга чейин чын эле талаптар аткарылбаса, тараптар мунаса таба албаса, анда сиздердин партияда азыркы формалдуу эмес лидериңиздер Куловдун отставкасын колдоп чыгасыздарбы?

- Бул жерде же Кулов, же Бакиев эле күнөөлүү, ошолорду кетирсек эле иштин бары чечилип калат дегендей эмес. Эң биринчи биз системаны өзгөртүшүбүз керек. Кээ бир кишилер ошону түшүнбөй эле, системаны өзгөртпөй эле эртең буларды кетиребиз дагы, убактылуу революциялык комитет түзөбүз дешет. Ал мыйзамсыз структура болуп калат, чечимдеринин баарысы мыйзамсыз болуп калат. Бегиш Аматов өзү айтты кечеги жыйында.

- Сиздер “Реформа үчүн” кыймылында турасыздарбы? Анча-мынча түшүнбөстүктөр болуп жатты эле?

- Азыр кыймылдын курамында турабыз. Чыккан жокпуз, убактылуу бир күнгө токтотконбуз. Биз башынан эле айтканбыз, «Ар-намыс” партиясы системалык реформаны өткөрөлү, бир адамды башка адамдын ордуна алмаштырган менен иш бүтпөйт деп айтып атабыз. Эгерде биз Конституцияны өзгөртпөсөк анда бир тыйын. Мисалы, Акаевдин ордуна Бакиев келди, Бакиевдин ордуна дагы бир Какиев келет.

Суроо салган Улан Эшматов, Прага

XS
SM
MD
LG