Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:07

ТҮНДҮК КОРЕЯ БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯНЫН КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КЕЧЕҢДЕШИ МҮМКҮН


12-октябрда Америка Кошмо Штаттары Түндүк Корея боюнча резолюциянын жаңы долборун сунуш кылды. Вашингтон долбоордун бүгүн каралып, бүгүн эле колго коюлушун талап кылып жатат. Бирок Кытай менен Россиянын позициялары башкача. Москва менен Бэжин Түндүк Кореяга каршы чаралар колдонууга тийиш экенине макул, бирок алар көрүлө турган чаралар региондогу абалдын ого бетер шыкакталышына түрткү болбошу керек.

Кошмо Штаттар Түндүк Корея боюнча сунуш этилип жаткан резолюциянын жаңы долбору менен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде бул маселе боюнча орун алып жаткан пикир келишпестиктерди толугу менен жойбосо да мунасалуу пикирди жаратууга үмүт кылат. Эгерде мурда АКШ Түндүк Кореяга каршы көрүлө турган чаралар Улуттар уюмунун Хартиясынын Жетинчи главасына ылайык болушун талап кылып келсе, жаңы долборун Жетинчи главанын 41-беренеси боюнча гана иштеп чыккан. Резолюциянын жаңы долбоору мурдагыдан айырмаланып Түндүк Кореяга каршы куралдуу күч колдонууга жол ачпайт, ал тек гана экономикалык санкцияларды көздөйт.

Ошону менен бирге эле резолюциянын жаңы долбоорунда АКШ Түндүк Кореяга ташылып жаткан жүктөрдүн баарын текшерүүдөн өткөрүүнү сунуш кылууда. Түндүк Кореянын негизги соода ортогу Кытай буга караманча каршы, анткени андай болгондо Түндүк Корея менен танапташ жайгашкан Кытайдын чек арасында эл аралык полиция күчтөрү жайгаштырылмакчы.

Ошону менен катар эле эле резолюциянын жаңы долборунда Пхеньяндын атомдук программасын өөрчүтүүгө огожо боло ала турган баардык товарлар менен материалдарды сатууга эмбарго койуу, Түндүк Кореянын шектүү кирешелери сакталган бардык чет элдик банк эсептерин тоңдуруп салуу сунуш кылынат.

АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Жон Болтон жаңы долбоордун бүгүнкү жыйында колго койулушуна үмүт кылат.

"Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын атомдук сыноосуна ушул эле жуманын ичинде жооп кайтаруусу керек. Менимче бул аткарыла турган талап. Резолюция долборунун маанилүү пункттары боюнча көз караш айырмачылыктары дагы эле кала берүүдө. Биз аларды жоюуга аракеттенебиз, бирок тийешелүү чара көрүүнүн убактысын өткөрүп жибербешибиз керек",-деди Болтон.

Россия мындай шашылыш кадамга каршы, анын пикиринде резолюциянын долбоорун талкуулоого бир нече күн берүү оң.

"Биз Түндүк Кореянын атомдук сыноосуна тийешелүү катаң жооп берилиши керек экенине макулбуз. Бирок ага кызуу кандуулук менен жооп берүү жарабайт. Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрү Түндүк Кореянын позициясына ого эле катаң жооп кайтарып, абалдын ырбап кетишине жол ачып жиберди. Биз андайдын Коопсуздук кеңешинин дэңгээлинде кайталануусун каалабайбыз", -деди 12-октябрда Россиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин.

Жаңы долбоордун ийне-жибине чейин талкууланбай, пикир келишпестиктерди жойбой туруп колго салынышы Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга берген жообун чабалдатышы мүмкүн. Буга чейин Түндүк Корея АКШнын кысмактоосуна тийешелүү жооп кайтарууга кесенген.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG