Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

“АТАМЕКЕН” СОЦИАЛИСТТИК ПАРТИЯСЫ ОШТО ЭМНЕ ДЕДИ?


14-сентябрь күнү "Атамекен" социалисттик партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн кезексиз жыйыны болуп өттү. Анда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууга алынып, кийинки учурдагы бийликтин аракеттери кескин сынга алынды. Мындан сырткары 1-ноябрда өтө турган партиянын республикалык курултайына делегаттар шайланды.

"Атамекен" социалисттик партиясынын Ош облустук бөлүмүнүн кезексиз жыйынында алгач өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууга алынып, партия мүчөлөрү депутат Өмүрбек Текебаевге байланышкан маңзат чатагына чекит коюлбай, башкача ойлонгондорго карата мурдагыдай эле саясий куугунтуктоолор күчөп тургандыгын белгилешти.

Партиянын Ош облустук бөлүмүнүн төрайымы Мейликан Эмилбаева болсо Акаев учурундагыдай эле үй-бүлөлүк башкаруу режими кайрадан калыбына келтирилип жатат деген оюн ортого салды:

- Көрүп атасыздар, элдик бийликти үй-бүлөлүк менчикке айландырып салып атышат. Биз айтып атабыз, Акаевдин доорунда анын балдыздарынан жана үй-бүлөсүнөн жабыр тарттык эле деп. Бүгүнкү күнү кандай сөздөр кетип атат, аны өзүңүздөр жакшы билесиздер. Дагы да болсо үй-бүлөлүк саясатка ооп кетип атканыбыз көрүнүп турат. Ошондуктан биздин "Атамекен" партиясы жеке бийликке эмес, парламенттик бирдиктүү башкарууга өтпөсөк болбойт экен.

"Атамекен" социалисттик партиясынын башкаруу кеңешинин төрагасынын орунбасары Дүйшөн Чотонов болсо, 2-ноябрда өтө турган жалпы элдик мөөнөтсүз митингди уюштуруудагы партиянын ордуна токтолуу менен президент Бакиевди шайлоого чейинки убадаларын саясий акциялардын арты менен гана аткартууга мажбурлоого аргасыз болуп жаткандыгын белгиледи:

- Революционерлерге, парламентке, жалпы кыргыз элине жөн эле сөз менен эмес, өзү кол коюп, печатын басып, ушул иштерди аткарам деп берген убадасын аткарып кой деп эле сурап атабыз. Бакиевди кет деп ушул убакытка чейин эч ким айта элек. Эгер ушуну аткарбаса анда кетсин.

Партиялык жыйындын жүрүшүндө жер-жерлердеги жасалып жаткан уюштуруу иштери, партияга мүчөлүк саясатты өзгөртүү жана бийлик органдарын көзөмөлдөө багытында иштерди алып баруу маселелери көтөрүлдү. Партиянын жергиликтүү лидерлеринин бири Төлөгөн Келдибаев болсо айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын, райондордун акимдеринин жана башка жетекчилердин билим деңгээлинин төмөн болуп жаткандыгын айтуу менен, мындан ары башкаруу системасын түзүүдө партиялык сунуштарды иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду:

- Эл аралык семинарларга чыгып сүйлөй алышпайт. Кандай долбоор жазышты билишпейт. Бизнес кылып барган жигиттерибиздин 100-200 долларын алып 203 чекти бириктирип сатып коюп атат, айыл өкмөттөрдүн башка кыла турган иши жок. Айыл өкмөттөрдү дагы реформалоо керек, аларды шайлоону алып салып, назаначение кыла турган жолдорго өтүшүбүз керек.

Жыйындын аягында 1-ноябрда боло турган партиянын республикалык курултайына катышуу үчүн 50 делегаттын тизмеси түзүлүп, ал тизме ачык добушка коюлуп, жактырылды.

Кубанычбек Жолдошев, Ош

XS
SM
MD
LG