Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН БАШЧЫЛЫГЫНА КОРЕЯЛЫК ДИПЛОМАТ КЕЛДИ


Бириккен Улуттардын жалпы жыйыны кечээ Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Бан Ки-моону дүйнөлүк уюмдун жаңы жетекчилигине бекиткен резолюцияны кабыл алды. 2007-жылдын 1-январынан тартып, Бан БУУнун сегизинчи баш катчысы болуп калат. Ал уюмду 1997-жылдан бери башкарып келаткан теги Ганалык Кофи Аннандын ордуна келүүдө. Анда Бириккен улуттарды келерки жылдары башкара турган адам менен биз да жакындан таанышып алалы.

Бан ким менен болсо да тил табышып кете алган жупуну саясатчы катары таанымал. Жума күнү БУУнун баш жыйынына жасаган кайрылуусунда баш катчылыкка бекиген Бан жупунулук жүрүм-турумдун маанисине атайын токтолду:

– Азияда жупунулук адамдык баалуу сапат деп саналат. Бирок сөз даанышмандыктын жана максаттардын жупунулугу эмес, жүрүм-турумдун жупунулугу туурасында жүрүп жатат. Жөнөкөйлүк бул ишке үстүрт мамиле кылууну же жоопкерчиликтин жоктугун түшүндүрбөйт. Тескеришинче, бул - көздөгөн максаттарды жүзөгө ашырууга болгон ашыкча уу-дуусуз астейдил чечкиндүүлүктү билдирет,-деди Бан мырза.

Бан уюмду айрыкча татаал мезгилде өткөрүп алууда. Акыркы бир нече жылда Бириккен Улуттарга башкаруудагы өксүктөр, алдына койгон максаттардын ара жолдо калышы, Африкадагы тынчтык аскерлеринин сексуалдык зөөкүрдүктөрү жана бюрократиянын ашыкча тамыр жайып жаткандыгына байланыштуу кыйла оор кинелер коюлуп келет.

Ирактагы "мунайды азык-түлүккө" алмаштыруу программасынын айланасындагы миллиарддаган доллардык коррупция жаңжалы Бириккен улуттардын беделине айрыкча шек келтирип, мындан 61 жыл мурда кабыл алынган негиздөөчү хартиясында айтылган бийик идеалдарды жүзөгө ашырууга уюмдун даремети барбы деген күдүк ойлорго түрткү болду.

Бан БУУну дүйнөдөгү бейпилдикти, барчылыкта жана сый-урматта жашоону камсыздоо максаттарын көздөй багыттоодо шымаланып иштөөгө сөз берди. 62 жаштагы дипломат ошондой эле БУУда жүрүп жаткан анын тарыхындагы эң ири кайра куруу аракеттерин улантууга убада кылды.

Бан Бириккен улуттардын иши менен жакшы тааныш. Ал уюмда ар кыл кызматтарда 10 жылдан ашык мезгил иштеген. Анын баш катчылыкка келишинде "географиялык жобо" да өз ролун ойноду. Азыр бул кызматка кезек Азияга келген. Бириккен улуттарды Азиядан акыркы жолу Бирмадан У Тцант 1961-1971-жылдары башкарып турган эле.

Жаңыл Жусупжан, Прага

XS
SM
MD
LG