Бул тууралуу «Азаттыкка» Акаевдердин адвокаты Чолпонбай Айтбаев билдирди. Бул ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту өткөн жумада карап баштаган. Борбордук шайлоо комиссиясы Айдар Акаевди депутаттык мандаттан ажыраткандан кийин анын адвокатары мындай чечимди талашып сотко кайрылышкан.(SM)