Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

МАДАНИЙ ОКУЯЛАР АФИШАСЫ


Бул жумада Ош шаарында кыргыз киносунун 65-жылдыгына арналган фестиваль өтөт. “Кыргызкино” концерндин облустагы жетекчиси Адылбек Сарыбаевдын айтымында бул фестивалга бир катар киноишмерлер менен катар Анжиян, Наманган, Ферганадан коноктор чакырылган. Мына ушул келген меймандар облустагы окуу жайлардын студенттери менен жолугушууларды өткөрөт. Фестиваль 19-октябрдан тартып, 21-октябрга чейин өтүп, анын алкагында ата-мекендик тасмалар көрсөтүлөт.

19-октябрда Ош жергесинде Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чыгармачыл жамаатынын “Кыргыз улуттук филармониясынын 70 жылдык мааракеси жети дубанда” аттуу концерти башталат. Аталган концерт менен артистер облустун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорун кыдырышат.

19-20-октябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда эстрада ырчысы Султан Садыралиев жеке концертин берет. Кечени бир катар ырчылар жана бий топтору коштойт.

Ишембиде А. Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Бишкектеги хореографиялык окуу жай менен Алматыдагы хореографиялык окуу жайынын өнөрпоздорунун биргелешкен концерти болот.

Ишемби күнү улуттук филармонияда “Ак Марал” бий ансамблинин жана “Насыйкат” камералык оркестринин биргелешкен концерти өтөт.

Жекшембиде Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Пьетро Масканинин “Айыл абийри” операсы коюлат.

Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде америкалык кол өнөрчүлөр менен кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүп жатат. Көргөзмөгө шырдак, туш кийиз, жана башка улуттук буюмдар коюлган.

“Сүрөтчүлөр шаарчасы борборунда” “Ашуу” аттуу көргөзмө өтүүдө. Анда Сүрөтчүлөр кошунунун мүчөлөрүнүн графика жана живопись жанрындагы эмгектери көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG