- Юрист, Кыргызстандын катардагы жараны катары оппозициянын Конституциялык реформаны токтоосуз өткөрүү керек деген талабын колдойсузбу? Мисалы, өткөн аптадагы форумда Жогорку Кеңешке Баш мыйзам долбоору 10 күн ичинде киргизилсин деген талап коюлду?
- Конституциялык реформа бул негизги талап. Конституцияны пайдаланып, бийликти бир адам узурпация кылып колуна алып, менчиктештирип алгандыктан ревоюция болгон деп ойлойм. Ошол бийликте турган адамдардын убадаларынын аткарылышын оппозиция талап кылып жатканын мен туура деп ойлойм.
- Кулов өткөн аптада Конституциянын өзү даярдаган долбоорун жарыялабадыбы? Анда соттун көз карандысыздыгын камсыз кылуу үчүн да жергиликтүү соттордун судьяларын бекитүү маселесин жеке президентке гана берүү сунушу айтылган экен. Азыр Жогорку Кеңештин макулдугу менен алынат. Сиздин көз карашыңыз кандай ушул маселеде?
- Сот көз каранды болуш үчүн соттор Жогорку Кеңеш, же Президент тарабынан болобу, көп убакытка шайланышы керек. Экинчиден, эң негизигиси - соттордун жоопкерчилиги аныкталышы керек. Ушул убакка чейин жоопкерчилик мыйзамда жазылса да, ал аткарылбай, иштебей келатат. Ошондуктан каалаган чечимдерди чыгарып, эл арасында нааразылык туудуруп келет. Премьер-министр Конституцияга чейин сотторго реформа өткөрүш керек дегенди айтат, мен да ошого кошулам. Сот эч кандай бийликке эмес, эч кимге эмес мыйзамга гана баш ийиш керек. Анан дагы бир нерсе, мыйзамдагы карама-каршылыктарды жоюш керек тез аранын ичинде.
- Кыргызстандын азыркы мыйзамдарында соттордун жоопкерчилиги каралган, бирок ал иш жүзүндө аткарылбайт, демек?
- Соттор билип туруп мыйзамга каршы чечим чыгарса, анда жоопкерчиликке тартылат деген статья өлүк статья. Бул ошондон бери иштебей келатат. Бир жылдын ичинде бир сот эки туура эмес чечим чыгарса, Жогорку сот тарабынан туура эмес экендиги аныкталган болсо андан соттук статусу алыныш керек өмүр бою, экинчи ал сотко келбеш керек.
- Премьер министр өлүм жазасын жоюуну сунуш кылыптыр. Сиз кандай көз караштасыз?
- Мен да өлүм жазасын жоюуга макулмум. Себеби биздин мыйзамдарда өлүм жазасы колдонулбашы каралган. Мисалы, башка мамлекеттерде да ошондой. Бизде 4-5 жылдан бери өлүм жазасын колдонууну мораторий кылып келатат. Эми кайра киргизип койсок, демократиядан кетип, өзүбүз келаткан жолдон адашкан болобуз.