Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 05:19

17-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1918-жылдын күз айында А. Сыдыков «алашордочу» жана «солчул эсерлердин анабашчысы» катары айыпталып, 17-октябрда аны жергиликтүү большевиктердин белигилүү жетекчилери жактап чыгышкан. 1998-жылдын 17-октябрында Кыргызстанда шайлоо системасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча жаңы референдум өткөрүлдү.

1875-жылдын бу күндөрү Кокон хандыгына каршы чыккан кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшү күчүнө келди. Жергиликтүү калктын көтөрүлүшкө катышы жана анын мүнөзү Россия империясынын саясатына байланыштуу өзгөрүп турган. Орус аскерлери жергиликтүү калктын мал-мүлкүн талап алышы жана адамдарга кысым көрсөтүшү, империяга болгон нааразычылыкты жаратпай койгон эмес. Орус аскерлери Наманган аймагын толук ээлеген соң, 1875-жылдын 17-октябрында Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Наманган бөлүмү уюшулган. Бу окуядан кийин кыргыздар менен кыпчактардын козголоңу жалаң эле кокондуктарга эмес, орус аскерлерине каршы мүнөз ала баштаган.

1918-жылдын күз айында бийлик үчүн күрөш күч алды. Пишпек уезддик большевиктер тобунун лидери Х. Хасанов жергиликтүү ревтрибунал өкүлү катары, А. Сыдыковду «алашордочу» жана «солчул эсерлердин анабашчысы» катары айыптап чыккан. 1918-жылдын 17-октябрында А. Иваницын, И. Меркун, Г. Безбородов сыяктуу жергиликтүү большевиктердин белгилүү жетекчилери Х. Хасановдун жалаасы негизсиз экендигин билдиришти. Ал түгүл, доочу ишти бурмалап, күнөөсүз адамды айыпка жыгууга аракет жасагандыгы үчүн алар Х. Хасановго карата ревтрибуналда сот ишин козготушкан. Тергөө көрсөткөндөй, Х. Хасанов күбөлөрдүн ар бирине 100 рублден берип паралап, аларды А. Сыдыковго каршы жалган көрсөтмө берүүгө көндүргөндүгү маалым болду.

1998-жылдын 17-октябрында Кыргызстанда шайлоо системасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү боюнча жаңы референдум өткөрүлдү. Реферeндумдун негизги максаты, парламентке партиялык тизме менен шайлоо тартиби киргизилип, депутаттык иммунитет өлчөмү азайтылган.

Кыргызстанда жаралган саясий түзүлүшкө болгон коомчулуктун иренжүүсү жана оппозициянын кысымы менен бийлик 2002-жылы Конституциялык реформа жасоого барган. Негизги мыйзам тегерегинде түркүн талкуу өткөрүлүп, ар башка долбоорлор жазылып, акыры Конституциялык кеңешме сунуш кылган долбоор 2002-жылдын 17-октябрында элдик талкууга коюлган.

Мамлекет башчынын 2005-жылдын бу күнкү жардыгы менен Бусурманкул Табалдиев Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматтан бошотулуп, анын ордуна Жогорку Кеңеш депутаты Камбараалы Конгатиев дайындалды.

2005-жылдын 17-октябрында Швейцариянын Женева шаарында башталган «Парламент аралык биримдик» жыйынында Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаев атуулдук коомдун өнүгүшүндө парламенттин ролу жөнүндө баяндама жасады.

Бу күнү, 1831-жылы Майкл Фарадей биринчи электр динамосун ийгиликтүү сынап, 1938-жылы СССРде «За отвагу» медалы бекитилип, 1729-жылы француз композитору Пьер Монсиньи, 1760-жылы француз ойчулу Клод Сен-Симон жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG