Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

СОТ АЙДАР АКАЕВ МАНДАТТАН ТУУРА АЖЫРАТЫЛГАН ДЕП ТАПТЫ


Кечээ - 16-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемин шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыраткан БШКнын токтомун күчүндө калтырды. Айдар Акаевдин адвокаттары сот чечими боюнча жогорку инстанцияга апелляциялык арыз жолдой тургандыгын билдирип жатышат.

Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШК 5-октябрда , ал эми парламенттик комиссия 11-октябрда чечимдерин чыгарып беришкен. Бирок депутаттын адвокаттары БШКнын чечимин жокко чыгарып берүүсүн өтүнүп, Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан. Айдар Акаевдин ишенимдүү өкүлү жана адвокаты Чолпонбек Айтбаев БШК кыска убакыттын ичинде Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратып коюуга укугу жок болчу деген дооматын айтты:

-Айдар Акаевди мандатынан ажыратуу маселеси өзүнчө каралууга тийиш болчу. Бул БШК отурумунун протоколуна да киргизилген эмес. Отурумдун башында эле “ар түрдүү маселелер” деген бөлүгү боюнча карап, беш мүнөткө жетпеген убакытта эле карап салышкан.

Адвокат мындай кыскача убакта мыйзам бузуп Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу менен БШК кимдир-бирөөлөр тарабынан берилген саясий заказды аткарды деген ишенимде.


Депутаттын ишенимдүү өкүлдөрү Айдар Акаевди депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча БШК таянган жана анын негизинде Биринчи май райондук соту күчүндө калтырган чечимдин жүйөөлөрү мыйзамсыз деп бекемдешүүдө. Адвокат Чолпонбек Айтбаев Айдар Акаев жашаган жери боюнча Бишкек шаарында катталганын белгилеп, мыйзам бузулуп жатат деген оюн билдирди:

-Бизде бардык документтер бар. Жашаган, катталган жери—Бишкек шаары. Үй башкармалыгынан, паспорт столдон Айдар Акаевдин Бишкекте катталып турганы тууралуу документтерди апкелип, сотко өткөрүп бердик. Бирок бүгүн сотто да айтып атпайбы, Акаевдин Кыргызстандан чыгып кетпегендиги тууралуу далил керек деп, мыйзам боюнча андай далилди БШК көрсөтүүгө тийиш болчу.

Ал эми БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов Акаевди депутаттык мандатынан ажыратууда эч кандай саясий заказ болбогондугун белгилеп, ички иштер органдары тарабынан анын 2005-жылдын 1-мартынан тарта Кыргызстанда жашабагандыгы аныкталгандыгы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарган:

-Бул жерде эч кандай саясий заказ жок. Саясий заказ болгондо былтыр май айында же июль айында эле Акаевдин мандатынан ажыратып салмакпыз. Бир жылдан бери күттүк. Келген жок. Ички иштер министрлиги жалпы республика боюнча паспорт столдордон, кошуналарынан түшүнүк каттарды алган. Айдар Акаев чынында Кыргызстанда жок, жашабайт.

Айдар Акаевдин ишенимдүү өкүлдөрү жана адвокаттары Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен эми Бишкек шаардык сотуна кайрылмак болгонун билдиришти.

Замира Кожобаева, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG