Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

2-НОЯБРДАГЫ МИТИНГДИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ КАРАЙТ


Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов кечээ, 16-октябрда “Реформа үчүн” кыймылы 2-ноябрда Бишкекте өткөрө турган митингди парламент талкуулоого тийиш деген сунуш менен чыкты. Ушул эле күнү депутаттар кабыл алган чечимге ылайык Жогорку Кеңеш жума күнү 2-ноябрда баштала турган митингди талкуулайт жана ал жыйын толугу менен КТРдан көрсөтүлө турган болду. Аталган кыймылдын мүчөлөрү митинг маселесинин Жогорку Кеңеште каралуусуна каршы эместигин билдиришүүдө.

2-ноябрда баштала турган мөөнөтсүз митинг мамлекеттеги орчундуу окуя болуп аткандыктан, бул маселе парламентте талкууланышы керек, Жогорку Кеңеш бул акцияга өз баасын бериши керек, деген демилге менен чыкты депутат Улукбек Ормонов:

- Округдарга барып шайлоочулар менен жолугушканда, негизинен ушул иштин бардыгын Жогорку Кеңеш көтөрүп чыккандай көз караштарын айтып атышат. «Жогорку Кеңеш Кыргызстандын туруктуулугун ойлойсуңарбы? Тынчтык керекпи, же керек эмесби?», - деген суроолорду берип жатышат. Ошондуктан мен бул маселени парламентте кароону сунуштадым. Ар бир депутат өзүнүн ой-пикирин айтуусу зарыл. Мөөнөтсүз митингдин чакырыгы абдан катуу болуп атат. Бакиев кетмейинче турабыз дегендей. Бул бийликти кулатуу боюнча чакырык болуп атат, - деди Улукбек Ормонов.

«Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү Темир Сариев депутаттар саясий кырдаалга кооптонуп, парламент отурумунда талкуулап, өздөрүнүн жүйөлүү сөздөрүн айтабыз дегени кадимкидей эле көрүнүш экенин билдирди. Анын пикиринде, Жогорку Кеңеште талкууланган митинг маселеси КТРдан көрсөтүлсө эл өзү талдап, калыс чечим чыгарат эле.

- Жума күнү каралуучу маселени КТР аркылуу көрсөтсө Кыргызстандын бардык булуң-бурчундагы эл билет. Биз эмнени каалап атканыбызды? Биз эмнени талап кылып атабыз? Эмне жөнүндө сөз болуп атат? Кайсы реформаны талап кылып атабыз? Ушунун баарын ачык-айкын айтып беребиз, -деди Темир Сариев.

Ал эми депутат Өмүрбек Бабанов алдыдагы митингдин учурунда ар кандай чагым салуулар болуп кетиши мүмкүн, деген кооптонуусун жашырган жок. Анын айтымында, учурда саясий кырдаал абдан курч болуп турат. 2-ноябрда митингде кандайдыр бир провокацияларга жол берилип, мамлекет ойго келбеген иштерге кириптер болушу толук ыктымал. Бабанов депутаттык топтордун лидерлерин президент Курманбек Бакиевге барып жолугушуп, оппозиция менен тегерек үстөлдө чечилбеген маселелерди 2-ноябрга чейин чечүүнү сунуштаганын билдирди.

Парламенттин коргонуу, коопсуздук жана басма сөз каражаттары комитетинин төрагасы Рашид Тагаев кандайдыр бир күчтөр митингден пайдаланып, коомдо башаламандык пайда кылышы жөнүндө жоромолдор айтыла баштагынын белгиледи. Ал ошондой эле, саясатчылар арасында Кыргызстандагы абал мурдагы Тажикистан вариантынын туу чокусуна жеткени тууралуу божомолдор бар экенин айтты.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев митингдин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн учурда тартип коргоо кызматтары алдын-ала иш чараларды көрүп жатканын билдирди.

"Ар кандай провокациялар болуп кетпеши үчүн тартип коргоо кызматтары азыртадан эле иштеп жатышат.Бир катар топтор түзүлүп, алар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чүй облусунун, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыктарына коопсуздукту камсыз кылуу багытында атайын тапшырма берилген".

«Реформа үчүн» кыймылынын мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов митингди тынч өткөрүү, баш аламандыкка жол бербөө маселеси штабда каралып, коопсуздук үчүн аракеттер көрүлүп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG