Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:39

ИЗРАИЛ ПРЕЗИДЕНТИ СОТТОЛУШУ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Израилде парламенттин кышкы сессиясы башталды, бирок анын ачылышына президент Моше Кацав келген жок. Айрым депутаттар - эгер президент келсе, биз аны менен учурашып, ордубуздан турбайбыз десе, башкалары жыйындан чыгып кете турганын билдирген, ошондуктан, абалды курчутпаш үчүн, Кацав сессияга келбей коюуну чечти. Маселе - президентке каршы бир нече күнөө коюлганы менен байланыштуу.

Израил президентине каршы коюлган күнөөлөрдүн арасында - ал өз кеңсесинин онго жакын мурдагы жана азыркы аял кызматкерине тийишкен жана алардын айрымдарын зордуктоого аракет көргөн деген күнөөлөр бар. Мындан бир нече ай мурда тергөө башталганда болсо, аны токтотуу максатында президент күбөлөргө кысым жасаган жана айрым телефондорду тыңшатууга буйрук берген деген кабарлар да бар.

Полиция жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыктары 15-октябрда башкы прокурор Менахем Мазузка берилди жана эми ал кылмыш ишин ачуу маселесин караштырууга тийиш. Ал үчүн парламент президенттин кылмыш ишине каршы иммунитетин алып салыш керек, эгер ал кызматынан чегинсе дагы, иш токтотулбайт деп айтылууда.

Президенттик мөөнөтү 2007-жылдын июлунда аяктай турган Кацавдын өзүнүн айтымында, мунун баарын анын саясий душмандары уюштурган, парламенттин айрым депутаттары болсо президентке импичмент жарыялоого даярданып жатат. Эгер соттолсо, Кацав эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 2000-жылы Израилдин маалымат каражаттарында ал кездеги президент Эзер Вейцман коррупцияга малынган деген кабарлар жарыяланганда, Вейцман кызматынан кетүүгө аргасыз болгон.

Белгилүү саясатчыларга мындай күнөөлөр мезгил-мезгили менен коюлуп келет жана алардын эң атактуусу - АКШ президенти Билл Клинтон жана Ак үйдүн практиканты Моника Левински менен байланышкан иш. Моника менен эч кандай байланышы болгон эместигин билдирген Клинтонго кийин калп айткан деген күнөө коюлган, бирок 1999-жылы ага импичмент жарыялоо үчүн Корнгрессте жетиштүү добуш чогулган эмес.

Америкалык конгрессмен Марк Фолиге каршы жакында окшош күнөө коюлгандыктан ал кызматынан чегинүүгө аргасыз болду. Фоли эч кимди зордуктаган эмес жана аялдарга тийишпеген, бирок интернет аркылуу жаш балдарга ар башка уятсыз кат жазган. Эми ал - өзү даярдап, Конгресс аркылуу өткөргөн мыйзамга ылайык соттолушу мүмкүн. 1990-жылы АКШ Конгрессинин дагы бир депутаты Барни Фрэнк окшош күнөө коюлганда кызматынан кеткен, 1983-жылы болсо конгрессмен Дэн Крэйн дагы депуттатык мандаттан айрылган, бирок окшош күнөө коюлган башка конгрессмен Жерри Стаддс ошол эле жылы сөгүш кана алып, ордунда калган.

Аялдарга тийишти деген күнөө менен АКШда көптөгөн сот болот, анткени өлкөдө - жыныстык тең укуктуулук боюнча атайын мыйзам бар. Мисал үчүн, атактуу "Мерил линч" деген компаниянын аял кызматкери өз жетекчисин сотко берип, эки миллион 200 миң доллар утуп алган. Жапониянын "Тойота" ишканасынын Америкадагы кызматкери Сиаке Кобиаши дагы жакында өз башчысын күнөөлөп, сотто утуп чыкты.

Израилде болсо андай мыйзам жок, ошондуктан мындай сот иштери дагы сейрек кездешет, бирок андай ишке өлкө президенти малынганы бардык эксперттер тарабынан өтө уятсыз окуя катары бааланууда.

"Жерузалем пост" гезитинин кабарчысы Дэн Иценбергдин айтымында, мындай иштер менен байланыштуу Израил бийлигине эл арасында болгон ишеним улам азайып баратат: "Бул - жогорку жетекчи менен байланышкан өтө ири скандал болгону менен, ал жалгыз эмес. Коррупция боюнча жана кызмат абалынан пайдаланган деп көптөгөн израилдик жетекчи күнөөлөнүүдө. Премьер-министр Эхуд Олмертке каршы дагы тергөө жүрүп жатат, мурдагы премьер Ариел Шаронго каршы да күнөөлөр коюлган. Мурдагы укук министри Хаим Рамонго каршы болсо сот жүрүп жатат", - дейт жөөт журналисти.

XS
SM
MD
LG