Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:02

СОТ ЧЕЧИМИ МЕНЕН «ПИРАМИДАНЫН» ЖАРЫМЫ «ИНВЕСТ МЕДИАГА» ӨТМӨК БОЛДУ


Соттун чечими менен «Пирамида» телерадиокомпаниясынын жарымы «Инвест-Медиа» ишканасына тийди. "Пирамида" жамааты «Инвест-Медиа» ишканасын телекомпаниянын бир кожоюну катары тааныбоо тууралуу арыз менен сотко кайрылган. Бишкек шаарындагы райондор аралык сот бул ишти 5-октябрда карап, арызды канааттандырган эмес. Бирок соттун чечимин арыздануучу тарап 16-октябрда гана уккан. Муну «Пирамида» жетекчилиги ушул эле күнү дароо коомчулукка жарыялап, соттун чечимин кескин сынга алды.

"Инвест-Медиа" ишканасы өзүн «Ареопаг» ишканасынын мураскору жана «Пирамида» телерадиокомпаниясынын 50% үлүшүнө ээлик кылуучу тарап катары санап, айрым кожоюндарды башкармалыктын курамынан чыгарууну талап кылып келатат. 35% акциянын ээси Адылбек Бийназаровго таандык башкармалык мындай дооматты мыйзамсыз деп эсептеп, декабрдан бери райондук соттон, Жогорку Сотко чейин даттанып, соттошуп бүтө албай жүрөт:

- «Пирамида» жана анын мүчөлөрү Бийназаров, Вастик, Дербишев, Кайыпов «Инвест-Медианын» «Пирамиданын» кожоюндарынын 50% үлүшүнө кириши мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылышкан. Мыйзамдык негизде даярдалган арызын соттор төрт ирет кабыл албай койгон, - дейт адвокат Генадий Рябич.

«Пирамиданын» жетекчилигинин райондор аралык соттогу доо арызы ушул териштирүүлөрдүн эле уландысы болчу. Бирок, бул арызды кароодо сот одоно мыйзам бузду, башкача айтканда, доогердин арызын аны катыштырбай туруп карап, чечим чыгарып койду дейт адвокат:

- Жогорку Сотто көзөмөл арыз турганда райондор аралык сот ишти кароого укугу жок болчу. Ошого карабастан ишти карап, "Инвест-Медианын" кызыкчылыгына чечти. Анын негизинде алар «Пирамида» телеканалын басып алууга жол ачты.

«Пирамиданын» бир кожоюну Адылбек Бийназаровдун айтымында, «Пирамида» мыйзамсыз аракеттерге жол бербеш үчүн катуу турат:

- «Пирамида» телекомпаниясына эле тийишкен жок булар. Демократияга, сөз эркиндигине, элге тийишип атат, атасынын сакалы менен ойноп атат. Биз колдон келген каршылыкты көрсөтөбүз. Ала албайт.

Сотто утуш алган «Инвест-Медиа» мекемесинин артында кимдер турары бүдөмүк бойдон калууда. «Пирамида» жана аны жактоочулары таасирдүү маалымат каражатына ээлик кылуу үчүн бийлик ушундай ар кыл айла-амалдарга барып жатат деп болжошууда:

- Көшөгөнүн артында аракет кылып жатышат. Маселен, аппаратураларды өрттөгөндөр деле беткапчан болчу да. Алар ким экенин тартип коргоо органдары абдан жакшы билишет,- дейт Жогорку Кеңеш депутаты Кабай Карабеков.

Президенттин карамагындагы укук коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо мындай дооматтарга далил жок дейт:

- «Пирамиданын» ишинде азыркы бийлик же аны жактагандар күнөөлүү деп айта албайм. Ага негиз да жок. Бирок, «Пирамиданын» иштебей калышы азыркы бийлик үчүн чоң жоготуу. Биз сындап келген авторитардык режимдин автору болгон Акаевдин тушунда да «Пирамида» жабылган эмес.

Былтыр декабрда өздөрүн «Пирамиданын» мыйзамдуу кожоюндарынын бири санаган тарап тартип коргоо кызматтарынын жардамы менен имаратты ээлеп алуу аракетин жасаган. Буга байланыштуу мамлекеттик жана парламенттик комиссия түзүлүп, иштеп, ал мүлк бөлүштүрүүгө байланышкан чыр-чатак катары сыпатталган. Быйыл сентябрда «Пирамиданын» жабдыктарын белгисиз адамдар өрттөп жиберди.

Эркин маалымат каражаттарына кысым көрсөтүлүп жатат деген саясий-коомдук уюмдар 12-октябрда «Пирамиданын» укугун коргоп, өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүшкөн.

Ага катышкан депутат Мелис Эшикановдун пикири боюнча, "Инвест-Медианын" артында президенттин уулу Максим Бакиев турат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG