Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

ТАКТАЛБАГАН ТЕРМИН, АЛЕШЕМ ДОЛБООР


16-октябрда парламентте «Экстремисттик иш-аракетке каршы туруу жөнүндөгү» мыйзамга башка мыйзамдарды ылайыкташтыруу жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоору талкууга алынды. Адилет министрлиги сунуш кылып жаткан ал долбоорго ылайык эгер журналист экстремисттик маанайдагы маалымат таратса 10 жылга чейин кесилиши ыктымал. Ошол эле маалда ал маалыматтын экстремисттик маалымат экенин ким, кандай чен-өлчөм менен аныктаары да белгисиз.

Өткөн жылдын 17-августунан тарта экстремисттик иш-аракеттерге каршы туруу жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бир жыл Жогорку Кеңеш кеңсесинде жатканын өкмөттүн парламенттеги атайын өкүлү Мурза Кулматов депутаттар алдында айтты.

- Бул мыйзамды 30-ноябрда 2005-жылы киргизген экенбиз. Мына бүгүн октябрь, 2006-жыл, бир жылдын ичинде. Эки комитет караптыр.

Антип узак кармалган мыйзам долбоорунда талаш чакырчу, күмөн жаратчу жагдайлар бар экенин белгилеп, парламент депутаты Кубанычбек Исабеков азыркы бийлик экстремисттик иш-аракетке каршы күрөшүү шылтоосу менен каршылаштарынын оозун жабуу аракетин көрүп жатат, деген ойдо.

- Бийликти кулатууга, бийликти которгонго чакыргандарды камаш керек деп жатат. Анда 2005-жылы 24-марттагыларды, К.Бакиевди баш кылып бул мыйзам боюнча камаш керек экен да. Анда өткөн революция мыйзамсыз экен да. Мен буга каршы болом.

Кыргызстандын адилет министри Марат Кайыповдун ырасташынча, жаңы мыйзам долбоорунда маалымдоо каражаттарын чектеп, сөз эркиндигин ооздуктоо аракети деле жок.

- Массалык маалымат каражаттарына, сөз эркиндигине каршы кадам жасап жатат деп чакырык жасап, ушул мыйзамды кабыл алдырбай коелу деген аракет деп муну түшүнүп жатам. Анткени азыркы мыйзамда деле, массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамда деле мамлекеттик түзүлүштү, мамлекеттик бийликти күч менен тартып алам деген материалдарды массалык маалымат каражаттары жазганга тыюу салынган.

Депутат Дооронбек Садырбаев жаңы мыйзам долбоору экстремизмге каршы күрөшкө багытталды делгени менен анын күчүнө салып бийлик оппозициянын оозун жаап, жолун тороо амалын кылып жатат, дейт.

- Бул деген азыркы бийликтер басма беттеринен оппозициянын оозун кантип жабышты билбей, шаштысы кетип калды дегендик. Мамлекет башчысы, анын тегерегинде отургандар өтө жогорку билимдүү адамдар болушу керек. Азыркыдай колхоздун башкармасы же тоодогу райондун секретары мамлекеттин башчысы болсо кудум ушундай болот.

Мыйзам долбоору эми 19-октябрда парламент жыйынында колго салынат. Ага чейин бул мыйзам долбоору сөз эркиндигин чектейт, журналисттерди кысымга алат деген пикирлерин «Интернюс» коомдук уюму, Медиа өкүл жана Журналисттер кошууну айтып чыгышты. «Интернюстун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн координатору Элвира Сариеванын айтуусунда, ушу тапта бейөкмөт уюмдар журналист жаңылыш жазган күндө да анын күнөөсү кылмыш-жаза мыйзамдарынын күчү менен эмес, атуулдук мыйзамдар аркылуу жөндөп-жасалышы керектигин белгилеп, саясий өнөктүк өткөрүшүүдө.

- Журналист маалымдоо каражаты тууралуу мыйзамды бузган кезде деле анын себеп-жөнүн иликтөө же аны чектөө кылмыш-жаза мыйзамдары эмес, атуулдук мыйзамдар аркылуу жүргүзүлүшү зарыл,- дейт Э.Сариева.

Биртоп бейөкмөт уюмдар жана журналисттер бул мыйзам аркылуу бийлик эркин маалымат каражаттарын коркутуп, сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылууда, деп билдирүүдө. Журналисттер кошуунунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаевдин «Азаттыкка» айтымында, анын үстүнө азыр «экстремизм» деген терминдин өзүн ким, кандай чен-өлчөм менен аныктаары дагы мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн эмес.
XS
SM
MD
LG