Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

ОРУСИЯДА ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАР МАМЛЕКЕТТИК ЭЛЕКТЕН ӨТӨТ


Бүгүн, 18-октябрде Орусияда кайра каттоодон өтпөгөн өкүмөттүк эмес уюмдар ишкердиги токтотулат. Өлкөнүн федералдык каттоо кызматы ырасмий билдирүүсүндө Орусиядагы 500гө чукул чет өлкөлүк таяныч алып иштеген уюмдардын сексени каттоодон өтүп, экөө каттоого алынуудан четтетилген. Ал кызмат өкүлдөрү айтканга караганда, кайра каттого алынуучу уюмдардын экстремисттик түзүлүштөр жана мыйзамсыз бирикмелер менен байланыштыгы барбы жокпу тыкат текшерилет. Анализчилер божомолунда болсо өкмөттүк эмес кыйла уюмдар ишкердиги атайылап токтотулат.

Өкмөттүк эмес уюмдар ишмердиги боюнча жаңы мыйзамды Мамдума үстүдө жылдын январында кабыл алган. Ал 18-апрелден тартып күчүнө кирген. Ошол мыйзам талабы астында бүгүнгө (б.а. 18-октябрге) дейре өкүмөттүк эмес уюмдар кайрадан каттоодон өтүшү абзел болуучу. Саясий шааниден алып караганда бийликтин бул жолку аракети Орусиядан чет өлкөлүктөрдү такыр кууп таштоо болуп аткандыгын «Мурас» корунун жетекчиси Евгений Волк айтат:

«Апачык эле айтылды. Эгерде бул (кайра каттоо – ММ) силерге кыйынчылык алып келсе анда кагаз кийирбей эле койгула. Иштебей койсоңор деле болот деп эскертти», - дейт «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде.

Тийешелүү кагаздарды чогултууда кыйынчылык күч экенин, маселен, Америкалык соода палатасынын өкүлү Андрей Сомерс (Andrew Somers) айтат:

«Арыздын ичине тиркелген кагаздар милдеттүү түрдө алардын түп нуска экендиги (нотариустун – ММ) мөөрү менен бекемделиши керек. Ушунун өзү кыйла кыйынчылыктарды туудурат экен. Бул чоң уюмдарга жарашчудай. Чакан уюмдар үчүн чет өлкөдөн керектүү кагаздарды жеткирүү ошончо чыгымга турчудай. Кайдигерчилик дал ушул жерде жатат. Бизди таң калтырган маселе да ушул. Бирок киши канча таң калбасын чогултулучу кагаздарды жыйнап чыгууга мажбур экен», - деген ал.

Өкүмөттүк эмес уюмдар ишмердигине көз салуучу Дарья Милославская айтканга караганда, «чет өлкөлүктөр эмне себептен алардын уюмун негиздегендердин үй дареги орусиялык бийликке керек экендигин түшүнүшпөйт», - дейт.

Алдыңкы күнү мамлекеттик сыналгыдан федералдык каттоо кызматынын жетекчиси Сергей Мовчан анын кызматы кайра каттоодо эмнеге көңүл буруша тургандыгын айтты:«Арыз берген уюмдун эмне максаты бар эмне милдети бар карайбыз. Аларга канча каражат каралат? Алар дал, ошол максат менен милдет үчүн жумшалабы ошолорду текшеребиз», - деди.

Арыздары Орусиялык федералдык каттоо кызматында жаткан жүздөгөн өкүмөттүк эмес уюмдар арсында адам укугун коргоочу кыймылдар: (Human Rights Watch), Эл аралык мунапыс уюму, «Чегарасыз доктурлар», «Качкындар иши боюнча кеңеш» жана башкалар бар.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG