Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

БИШКЕКТЕ “МОДА ЖУМАЛЫГЫ” ӨТҮП ЖАТАТ


Бул жумалыктын алкагында автордук иштер, фото сүрөттөр, зергердик буюмдар, бут кийимдер көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун сынына коюлууда.

Ар бир сынактын өзүнүн номинациялары бар. Мисалы автордук иштердин номинациясында бүгүнкү күнгө ылайыкташтырылып тигилген улуттук кийимдер , “Жаңы көз-караш” номинациясында алдыда мода боло турган кийимдер көрсөтүлөт. Ошондой эле трикотаждан тигилген кийимдер да көрүүчүлөрдүн сынына коюлууда. Бул иш-чарага катышуучулардын арасында өлкөнүн облустарынан келгендер бар. Мисалы Ош технологиялык университетинин жеңил өнөр жай кафедрасынын башчысы Гүлкан Тойчубекова бул иш-чарага экинчи жолу катышып жаткандыгын айтып, мыкты деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

-Бул жумалыктын мактоого арзый турган жагы мыкты деңгээлде уюштурулгандыгында. Биз бул көргөзмөгө заманбап этника номинациясына курак элементтери кошулган күндөлүк кийлүүчү кийимдерди, кийизден жасалган костюмдар менен бирге үйлөнүү үлпөтүнө ылайыкташтырылып, улуттук орнаменттер колдонулуп кооздолгон той көйнөгүн алып келдик.



Бул мода жумалыгы “Витлайн” промоушен борбору тарабынан уюштурулууда. Аталган борбордун жетекчиси Виталина Борзенконун айтымында иш-чара жаш модельерлерге жардам берүү жана алардын жасаган иштери менен Кыргызстанды модасы өнүккөн өлкөгө айландыруу максатын көздөйт.

-Бул долбоор 2006-жылдагы жаңы долбоор. Биринчи жолу март айында жазгы киймдердин жумалыгын өткөргөнбүз. Бул жолу болсо күзгү кийимдердин мода жумалыгын уюштуруп жатабыз. Менин байкашымча катышуучулардын саны көбөйүүдө. Биздин негизги максатыбыз жаш модельерлерге жардам берип, аларды мыкты деген өнөр жай ишканаларына орноштуруу жана алар аркылуу Кыргызстанды модасы өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу.


Бул жумалыкта кырктан ашуун кийимдер топтому көрүүчүлөрдүн сынына коюлат, ошондой эле сынактан тышкары Кыргызстанда белгилүү болуп калган Татияна Воротникова, Зухра Мукамбетова, Галина Байкованын иштери чеберчиликтин үлгүсү катары көрсөтүлөт. Жумалыктын алкагында ошондой эле тегерек стөл өткөрүлүп, анда Кыргызстандагы жаш модельерлерди жумуш менен камсыз кылуу маселеси талкууланмакчы. Иш-чаранын соңунда мыкты деген 12 кийимдер топтому тандалып алынып, сыйлыктар тапшырылат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG