Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

КЫТАЙДА СПИД ООРУСУ ЭПИДЕМИЯГА АЙЛАНДЫ


Кытайдын саламаттык сактоо министрлиги СПИД оорусунун өлкөдө Африкадагыдай кеңири жайылып баратканын билдирди. Бийликтердин айтымында, өлкөдө ар күн сайын СПИД оорусуна чалдыккан адамдардын саны 190 кишиге көбөйүп турат жана бул ооруну азыр эпидемия деп эсептөө зарыл.

Кытайдын Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулардын алдын алуу бюросунун башчысынын орун басары СПИД оорусу жалаң эле сойкулар, гомосексуалдар менен маң заттарын ийне менен сайынган адамдардын арасында эле эмес, калктын бул категориясына кирбеген бөлүгүндө жайылып баратканын билдирди. Хао Йоңдун айтымында, айрым райондордо бул оору кош бойлуу аялдардын кеминде бир процентинде аныкталууда.

Улуттар уюмунун ЮНЭЙДС кызматынын Кытайдагы бөлүмүнүн өкүлү Оле Хансон Кытайдын саламаттык сактоо системасына бул оору эле эмес, кургак учук, куштар сасык тумоосу, безгек жана гепатит сыяктуу жугуштуу дарттарга каршы чара көрүүгө туура келип жатканын айтат.

"Кытай бийликтери жана башка мекемелер мойнуна алышкандай, өлкөнүн саламаттык сактоо системасы реформага муктаж. Кедей калк, айрыкча элет жериндегилер саламаттык сактоо тейлөөсүнөн сыртта калышкан , тармак олуттуу финансылык кыйынчылыктарга туш болууда",- дейт Хансон.

Алгачында ВИЧ инфекциясы менен СПИД оорусун анчейин этибарга албаган Кытай бийликтери оорунун канчалык коркунучтуу экенин түшүнүп, акыркы жылдарда ага каршы алгылыктуу чара көрө башташты. Анткени, 1 миллиард 300 миллион киши калкы бар өлкөдө 2010-жылга чейин бул ооруга чалдыккан адамдардын саны кеминде бир жарым миллионго барышы ыктымал.

Баары болуп бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө СПИД оорусу менен 650 миң киши катталган, бирок чыныгы көрсөткүчтөр андан да көп экени болжолдонот, анткени айрым региондордун, айрыкча алыскы элет жерлеринин жетекчилиги маселенин канчалык олуттуу экенин мойунга алгылары жок. Хансондун айтымында, алар ооруга каршы күрөшүүгө бюджеттен каражат бөлгүлөрү келбейт.

Маселе калк арасында түшүндүрүү иштеринин жолго койулбаганында. Айрым жерлерде бийликтер ал тургай түшүндүрүү иштерине каршы чыгышкан учурлар бар. Мисалы жакында Ооруларды Көзөмөлдөө Борбору Харбинде бул тема боюнча атайын лекция уюштуруп, ага катышкан сойкуларга презервативдерди тараткан. Полиция бул чараны жактырган эмес.

СПИД оорусу акыркы ончакты жылдын эле ичинде глобалдык масштабдагы коркунучтуу дартка айланды. Ооруларды Көзөмөлдөө Борборунун өкүлү Ваң Руотаонун айтымында, Кытайдагы өзгөчөлүк анда "заманбап жашоо жолойу" менен бирге эле байыртан бери келе жаткан каада- салттардын сакталып калганында. Акыркы 20 чакты жылдын ичиндеги индустриалдашуу шаар калкынын арасында жүрөк ооруларынын, рак жана диабет кеселдеринин жайылышына түрткү болду. Ошол эле маалда салттуу жашоо жолойун карманган элет жеринде өзгөрүү болгон жок, дешет адистер.

Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары

XS
SM
MD
LG