Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

АБДЫГАНЫ ЭРКЕБАЕВ : БИЙЛИК МЕНЕН ОППОЗИЦИЯ ҮЧҮНЧҮ ТАРАПТЫН СӨЗҮН УГУП КӨРҮШСҮН


Өлкөдөгү саясий кырдаал, конституциялык реформа жөнүндө “Азаттык” менен Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев ой бөлүштү. Анын айтымында, эгер бийлик менен оппозиция бир пикирге келе алышпаса, калыс үчүнчү тарап да менен сүйлөшүп көргөнү абдан туура болот эле.

- Ошентип быйылкы жылдын төртүнчү чейрегинин алгачкы айы да жарымынан ашып калды. Президент Бакиев өзү буга чейин айткандай, ушул чейректе мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча жалпы элдик референдум өтүшү керек. Чын эле өтсө жарыяланчу деле убакыт келип калды. Кандай болгон күндө да Кыргызстан Конституциялык реформадан артка чегине албай калды окшойт. Бирок талаш маселелердин бири мөөнөткө барып такалууда. Сиз реформаны токтоосуз өткөрүү керек деген азыркы талаптарга кошулар белеңиз?

- Албетте, өзүңүз чечмелеп кеткендей, бул маселени биздин өлкөдө талкуулоо жүрүп жатканына бир жарым жылдан ашык убакыт болуп келатат. Биринчи күндөн тартып эле Кыргызстанда жаңы коомдук саясий кырдаалга байланыштуу Конституция жаңыланышы керек, аны абдан тездетиш керек деген пикирдегилердин бири болчумун. Ал жөнүндө 24-мартта, 29-мартта да кенен-кесир айттым эле. Тилекке каршы бул маселе улам эле сүрмөлөнүп, кийинкиге калтырып келе жатканы мени да кабатыр кылып келген. Өлкөбүздүн башчысы Курманбек Салиевичтин улам созуп, улам бир мөөнөттү айтып келгени анын саясий жолун анча туура көрбөгөндөрдүн дагы каршы кайчы пикирин, позициясын туудуруп келүүдө. Орозо бүткөндөн кийин ушул маселени кайрадан көтөрүп көчөгө митингге чейин чыгып атканы мени, албетте, кайдыгер калтырбай койбойт. Саясатчы, мамлекеттик ишмер, өлкө башчысы өзүнүн ар бир сөзүн жети өлчөп бир кесип анан айтышы керек, айткандан кийин аны аткарыш керек болчу.

- Демек сиз дагы токтоосуз өткөрүү керек дегендердин катарындасыз. Референдум демекчи, азыркы оппозиция мамлекеттик башкаруу формасын элге салууну колдоосун билдирүүдө. Буга чейинки референдумда көргөзгөндөй бул жерде кайрадан бурмалоо мүмкүнчүлүгү жогору болот деп негиздеп жатат. Сиз кандай көз караштасыз, бурмалоо деген кооптонууларга карабай кайра эле референдумга баруу керекпи?

- Албетте, биздин өлкөбүздө мурда өткөн 4-5 референдумдан улам эл арасында, саясатчылардын ичинде жанагыдай кооптонуу жок эмес, бар. Мен да ошондой ойлогондордун биримин. Бул жерде бир нерсени так, айырмалап билиш керек. Жалпы Конституциянын тексти чоң болот, аны салыш бир жөн. Ал эми Конституциялык өзгөрүүгө байланыштуу кайсы бир принципти форма иретинде салыш бир жөн. Айталы, Кыргызстан үчүн кандай башкаруу формасы ылайыктуу деген өзүнчө. Ал эми жалпы эле Конституциянын 95-96 статьядан турган текстин салыш бир жөн, аны окуганга да эч ким үлгүрбөйт, баарысы түшүнбөйт. Демек, ушул багытта Конституцияны эмес, бир өлкөнүн тагдыры үчүн тиешелүү болгон конкреттүү бир суроону, бир маселени гана элге алып чыгууну мен туура эле көрөм. Атүгүл ушул жагынан дагы кечигип атпайбы. Азыркы өлкө башчыбыз былтыр эле айткан болчу, кайсы башкаруу керек, элге алып чыгам деп. Андан бери бир жыл өттү, уламдан-улам созулуп келатат. Эми өткөндө эмки жылдын башында деген сөздү айтты.

- 2-ноябрдагы митингге чейин дагы бир тегерек стол өткөрүлөрү жөнүндө маалыматтар бар. Бирок «Реформа үчүн” кыймылынын жетекчилери анда биздин талаптар талкууланса гана барабыз деп жатышат. Сиз кандай дейсиз, тегерек стол Акүй менен оппозициянын ортосунда гана өтүшү керекпи? Эгер мен жаңылбасам, сиз азыр “Менин өлкөм” партиясынын жетекчисисиз, ошол партия сыяктуу ортомчул күчтөр дагы тартылганы оңбу?

- Мунуңуз абдан жүйөлүү суроо. Эсиңиздерде болсо керек, мен өткөн июндун 28де эле атайын чоң маалымат жыйынын өткөрүп, өлкөбүздөгү бүгүнкү абал, анан күз кандай болот, абалды оңдоо үчүн эмне кылыш керек деген өзүмдүн конкреттүү сунуштарымды айттым эле. Ошонун бири бийлик менен оппозиция өзүнүн эле ойлорун туура деп отуруп алып албастан башкалардын да пикирин угуш керек ушул багытта. Ылайым жалпы позицияга келишсе гана. Эгер анте алышпаса, анда сөзсүз түрдө бийликтин, азыркы оппозициянын дагы сөзүнөн, позициясынан тышкары өзүлөрүнүн ою бар, бөлөк күчтөр жок эмес элибиздин ичинде, ар кандай саясий катмарлар, күчтөр бар, ошолордун катышуусу менен жолугушуу болушун туура көргөн элем. Төртүнчү күнү өткөн граждандык жыйындан кийин сөз болуп атат президент дагы бир жолу оппозиция менен тегерек стол өткөрөт деген. Ылайым өткөрсүн, ылайым бир пикирге келишсин. Эгер анте алышпаса мен жайында айткан өзүмдүн сунушумду дагы эле туура көрөм, бийликке да, оппозицияга дагы оң, же тескер экенин ылгаган калыс үчүнчү тарап да сөзсүз катышып, үч тараптуу жолугушуу болсо абдан туура болор эле.

- Азыр сиздерге ошондой сунуш түшө элекпи?

- Азыр андай сунуш түшө элек.

XS
SM
MD
LG