Эки мамлекеттин чегараларын аныктоо боюнча 2002-жылдын аягында башталган сүйлөшүүлөр быйылкы жылга чейин созулуп келди. Ошол мезгилден бери тараптар делимитациялоо иштери кайсы документтердин негизинде жүргүзүлүш керектиги боюнча орток пикирге келе албай атышат.
Кечээ Бишкекте өткөн кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынындагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында эки тарап 100 чакырымдан ашуун талашсыз аймактагы чегара сызыктарын жазуу иштерин баштады. Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламановдун айтуусунда бир нече жылдардан бери чечилбей келе жаткан чегара маселесинде бул иштин алдыга жылышы—жакшы жыйынтык.
Саламат Аламановдун айтымында Чоңалай тоолорунун кыры аркылуу өтүүчү сызыктар бардык документтерде бирдей жазылгандыктан, бул аймакты бөлүү оңой болду.
Ал эми калган аймактарды делимитациялоону кайсы жылдагы документ менен жүргүзүү боюнча расмий Тажикстан менен Кыргызстан бул жолу да бир пикирге келе алышкан жок. Саламат Аламановдун маалыматы боюнча, кыргыз тарап чегараны аныктоону 1958-1959-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер менен жүргүзүүнү сунуш кылса, Тажикстан чегараны 1924-жылкы документ боюнча бөлүүгө кызыкдар болууда:
-Биз СССР кулаган мезгилдеги бөлүнгөн админстративдик аймак кала берсин, ошол 1989-жылдагы документ менен эле карайлы деген сунушубузду айттык. Бирок алар эң баштапкы 1924-жылдагы документти пайдаланып, биринчи такталган чегараны калыбына келтирели деп жатышат. Буга биз макул болгон жокпуз.
Кыргыз-тажик чегарасынын мындай талаштуу аймактарда тогошкон тилкесинин узундугу 800 чакырымдан ашуун.
Чегараны бөлүү ишин татаалдаштырган дагы бир нерсе—Кыргызстандын аймагындагы тажик анклавдары. Ворух анклавы айланасында жайгашкан Аксай, Актатыр, Самаркандек айылдарынын элине Каратоо жайлоосуна мал багуу көп кыйынчылыктарды туудурарын жергиликтүү тургундар айтып келишет.
Ал эми Баткен—Лейлек автожолу кесип өткөн Чоркух аймагы облус тургундарынын ич ара карым-катышына тоскоолдук берип, кээ бир учурларда тажик чегарачылары менен кыргыз жарандарынын ортосунда чыр-чатактарды пайда кылып келет.
Лейлек районунун тургундары кыргыз өкмөтү чегара маселесин тез арада чечпесе, Тажикстандык жарандар райондун аймагына жыл өткөн сайын ичкерилеп кирип келе жаткандыгына тынчсызданууларын билдиришүүдө:
-Чекдөбө деген айыл бар. Миңбулак, Кара, Таңшак деген айылдар бар. Бүгүнкү күндө Кара айылына ташты төгүп, жерди сүрдүрүп, үй салганга даярдап коюшту. Таңшак деген айылда каналдын үстүнө чыгып алышты,-дейт Көкташ айылынын тургуну Разия Өсөрова.
Эки тараптын бир пикирге келе албай жаткандыгынан улам, бир нече жылдардан бери аягына чыкпай келе жаткан чегара маселеси качан чечилери дагы деле белгисиз бойдон калууда.