- Саламатсыздарбы, урматтуу телекөрүүчүлөр, радиоугармандар. Мелис мырзаны студияга эмне себептен чакырганыбызды мен түшүндүрө кетейин. 12-октябрда Бишкекте Улуттук 2-форум деп аталган бир жыйын болду. Ага бийликтин, оппозициянын жана атуулдук коомдун өкүлдөрү чогулуп, арай көз чарай отуруп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты. Атап айтканда, президент Курманбек Бакиевдин, премьер-министр Феликс Куловдун наамына чучукка жете тургандай сын-пикирлер айтылды. Ачуу чындык талкууга алынды десек болот. Мына ошол жыйынга Мелис мырза да катышып, сөз сүйлөдү. Мелис мырза, жалпысынан алганда ошол жыйындын жыйынтыгына канаттандыңызбы?
- Мен канаттандым. Бул бир жылдан бери келаткан, биздин апрелдеги, майдагы митингдерибиздин, 17-сентябрдагы Аксыдагы курултайыбыздын, андан кийинки 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештеги атайын кабыл алынган токтомдун уландысы катары болду. Курманбек Салиевич өзү келбесе дагы өкмөт мүчөлөрү толук курамы менен келгени бизди бир чети таңгалдырды, бир чети ыраазы болдук. Негизги - максатка жетти дейм. Сөзүбүздү ачык угуп алдык. Эми 2-ноябрга чейин бийлик, асыресе, биздин биринчи жетекчилер кандай позиция карманышат, кырдаал ошого байланыштуу болот.
- Ошол жыйынга келген Феликс Куловдун сөзүнө көп канаттанбагандар болду, бирок Данияр Үсөнов сунуш киргизди - 2-ноябрга чейин кайсы бир форматта кайрадан чогулалы, деп. Бирок ошол эле убакта мындай деген пикирлер бар, ошол форматтагы тегерек столдор мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда эле чогултулуп келген жыйындарга окшоп калбайбы, оппозиция дагы алданып, арбалып, президент келгенде эле анын сүрүнөн коркуп дегендей, чегинүүлөргө барып, дагы эле элдин ой-пикирлери, мүдөө-тилеги оппозициянын президент менен бир жолукканы менен бүтүп калбайбы деген чочулоолор да бар?
- Андай чочулоонун негизи бар. Данияр Токтогуловичтин ал сунушуна ошол эле замат Азимбек Бекназаров туруп, каршы сөз айтты. Эгер ошол мурдагы бийликтин тушундагыдай болуп дагы бир партияларды кошуп, былтыр Конституцияны кайра кабыл алабыз деп 300-400 кишини чогултуп алып, колхоздун чогулушуна айлантып ийгендей болсо, бизге андай сүйлөшүүлөрдүн кереги жок. Бул чакан гана форматта 5-6 киши сүйлөшө турган жолугушуу. “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилери менен президент өзү жекеме-жеке, ортомчусу жок сүйлөшүүсү керек. Анткени бүгүнкү күндө Акүйдүн жетинчи кабатында өздөрүнө саясий упай топтойбуз деген ичара тирешүүлөр бар. Ошол эле Куловго каршы, ошол эле Даниярга (Үсөнов) каршы, ошол эле президенттик администрациясынын жетекчисине каршы абдан ыплас оюндар жүрүп атат. Мен айтат элем, Курманбек Салиевичтин бүгүнкү абалдагы эң чоң акcаганы - күчтүү командасынын жоктугу.
-Кандай гана форматтагы тегерек стол же жолугушуу уюштурулса дагы ошол жерде президент сиздерге жакшы убадаларды берсе, алданып калбайсыздарбы, ошону менен эле дүрмөтүңүздөр түгөнүп калбайбы? Ошентип 2-ноябрда эч нерсе болбой калышы да мүмкүнбү? Мисалы, 2-ноябрда митингдин болушун көпчүлүк каалабай атат деген да пикирлер бар.
- Биз позициябызды ачык билдирдик. Ошол форум бүткөндөн кийин да алар тараптан аракеттер башталды. Асыресе мен, Бекназаров, Сариев үчөөбүз ишемби күнү (14-октябрда) төрт министр менен жолуктук. Алар менен мурдагыдан да катуурак сүйлөшүп, позициябызды ачык такташып алдык. Бийлик тараптан министрлер А.Жапаров, Н.Сулайманов, Ж.Рустамбеков, Нур уулу Досбол бизге өтүнүч менен чыгып, биз алар менен жолуктук.
- Эмне тууралуу сөз болду?
- Биздин каалаганыбыз эмне, Конституциялык реформаны кандай жасайбыз, КТРди кантип коомдук телевидение кылабыз, Улуттук коопсуздук комитетинин келечеги кандай болот, Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышы – бул талаптардын кайсынысы реалдуу, кайсынысы реалдуу эмес деген сөз болду. Анан алар биздин оюбузду президентке жеткиребиз деди. 15-октябрда биздин аксакалыбыз Дооронбек Садырбаевди президент өзү суранып Данияр Үсөновдун жардамы менен үчөө жолугушкан экен. Анын чоо-жайын мен жакшы билбейм.
- Сиздер коюп жаткан талаптар Улуттук форумдун резолюциясында чагылдырылды. 11 пунктан турган талап койдуңуздар. Мына алгачкысы - 10 күндүн ичинде Конституциялык реформа жасалсын деген талап коюп атасыздар. Бирок президент өзү айтып келатат, мындай Конституциялык реформа эбак эле башталган, Азимбек Бекназаров баштаган топ иштеди, деп атат. Эмне сиздерди канаттандырбай жатат? Мисалы, Конституциялык реформа жүрүп атат деп бийлик, бийликтин өкүлү министр Марат Кайыпов айтып келатат, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп атат деп?
- Алар айта берет. Эч кандай Конституциялык реформа жүргөн жок. Жүрүп жаткандай түр көрсөтүп жатышат. Былтыр эсиңизде болсо керек, адегенде Текебаев төрагасы болуп, андан кийин Бакиев биздин сунушубуз боюнча төрагасы болуп, Конституциялык кеңешме Башмыйзамдын акыркы вариантына токтолгонбуз. Куловдун азыркы варианты деле, Бекназаровдуку деле - баары эле ошого келип такалып атат. Ал биз токтолгон долбоордо парламенттин ыйгарым укуктары күчтүүрөк, бирок президенттик-парламенттик башкаруунун формасы. Ошол нерсени созбой эле бүгүнкү парламенттин колу менен кабыл алып койгонго президенттин кудурети жетпей атат. Ал абдан күчтүү, суперпрезиденттик башкарууга ыктап, жеке хандын режимине баргысы келип жатат.
-Сиздер айтып атасыздар - 2-ноябрга чейин биз койгон талаптарды аткарбаса тандем бийликтен кетиш керек деп. Бирок эл арасында ушундай сөздөр бар, мисалы, Курманбек Бакиев кокус бийликтен кетип калса, анын ордуна келе турган Текебаевдин, Атамбаевдин, Эшимкановдун, Бекназаровдун, Отунбаеванын, Сариевдин Бакиевден эмне айырмасы бар, алар элге эмне бере алат деп атышат. Мындайча айтканда - сиздерге да ишеним көп жок. Алдап кетет деген чочулоо эл арасында күч?
- Ошол алдап кетет деген чочулоо бар. Бул мыйзамченемдүү. Ошон үчүн биз маселени былтыркы 24-марттагыдай чечпешибиз керек. Манты жеп отурган кишини алып келип Акүйгө отургузгандай болбош керек. Биз адегенде эч кандай жол башчыбыз жок эле бүгүнкү Конституциянын алкагында эгер премьер-министр кетпесе, ал милдетин аткарат, ал кетип калса Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов убактылуу үч ай Конституциялык мөөнөт менен башкарат. Ошол алкакта биз бардык системаны өзгөртүү боюнча жаңы Конституцияны кабыл алып, келечекте кандай паралмент түзөбүз, кандай президенттик шайлоо болот деп, анан уткан партия, уткан саясий күчтөр, Атамбаев, Текебаев, Эшимканов, Сариев эмес, кимиси элдин ишенимине ээ болуп, экономикалык-социалдык программасы менен шайлоочунун жүрөгүнөн түнөк тапса, Аксарайдын саясий интригаларынын натыйжасында эмес, элдин элегинен өтүп келген адамдар гана журт башчысы болсун деп атабыз. Анан тандем демекчи, мен “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрүнөн айырмаланган бир позициям бар - мен Феликс Куловдун кетишине каршымын...
- Анын себеби эмнеде?
- Себеби бир жарым жылдан берки анын кетирген кемчиликтерине, чечкинсиздигине, жооштугуна, бардыгы эле оңдон-солдон тепкилегендерге карабай чыдап келатканы, бир чети Кыргызстандын тынчтыгына, Бакиевдин бүгүн кызматта кармалып турушуна чоң түрткү берип атат.
- Бирок Азимбек Бекназаров мындай айтып келатат - эмне үчүн силер Бакиев тууралуу айтасыңар да, Кулов жөнүндө унчукпайсыңар, деп. Анын да бир жүйөсү бардай сезилет. Анткени тандем түзүлүп жатканда документке кол коюп, экөө жигит катары сөз берип, шерттешип атканда айтышкан да “экөөбүз тең жоопкер болобуз”, деп.
- Ал моралдык жактан айтылган жоопкерчилик, бирок бүгүнкү балээнин баары Курманбек Салиевичке байланыштуу болуп атат...
- Экономика оңолду дейсизби, мисалы, Кулов жакшы иштеп атабы?
- Экономиканы Куловго иштетпей атса, эмне кылабыз...
- Куловдун колун байлап атабы?..
- Колун байлап атат... Мисалы жөнөкөй эле мисал. Конституция боюнча, өкмөт жөнүндө мыйзам боюнча Кулов акимди, министрди дайындаш керек, көрсөтүш керек. Башкасын койдум кечээки эле Ички иштер министри Гуроновду Куловго жок дегенде оозеки да айтып койбой, өзү дайындап атпайбы. Акүйдүн 7-кабатынын интригасы менен Кулов бир жарым жыл жөн эле жасалма куурчактай болуп, айла жок отуруп келди.
- Эмнеге отурат анда, кетип калбайбы кызматтан?..
- Ал моралык нерсе.
- Мына эми Улуттук форум кабыл алган резоюциядагы сиздердин экинчи талап - коалициялык өкмөт түзүлүш керек дептирсиздер. Бирок жакында “Азаттыкка” берген интервьюсунда Эмил Алиев айтты, бул кайрадан мыйзамсыз жолго түшүү дегенди билдирет, деп. Анткени коалициялык өкмөт түзүү жөнүндө азыр мыйзам жок, дейт ал?
- Мен Эмил Алиевге жакында айттым, андай сүйлөм жок, бирок бул моралдык, ыймандык гана жагы. Коалициялык элдик ишенимдеги өкмөт деген эмне? Ал - бүгүнкү өкмөттө корорупционерлер, иштей албагандар көп. Акаевдин мезгилиндеги азаматтар отурат. Биз болсо айтып атабыз, коалициялык деп ошол парламенттен, саясий партиялардан, түндүгүнөн, түштүгүнөн, булганбаган таза азаматтар келсин деп. Президент жалгыз эле кабинетине отруп алып, ака-үкөлөр менен чечип койбой, коомчулук менен, атуулдук коом менен, барыбыз менен кеңешип туруп нормалдуу өкмөт түзөлү деген эле кеп.
- Улуттук форумда коргоо министри Исмаил Исаков айтты - кечээ силер кимдин катарында элеңер, деп. Мындайча айтканда ал айтып атат - силер Аскар Акаевдин артынан жүргөн кишилер болчусуңар деп. Балким сизди да, Темир Сариевди да айтып атат, Роза Отунбаева министр болгон, ага да сөз тийгизип атат?
- Муну туура эмес деп эсептейм. Анткени ошол жерде отурган “Реформа үчүн” кыймылдын лидерлеринин бирөө дагы Акаевдин убагында мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Акаев менен дос болгон эмес. Анан Малайзияга, Америкага барып коюптур, Аксы окуясы чыкканда аны менен сүйлөшүп, Конституциялык кеңешмеге барып коюптур, булар “Акаевдин куйруктары” деп ошол “куйруктардын” өздөрү кыйкырып атат. Ошол эле Исмаил Исакович Акаевдин колунан генералдык чинди алган, Акаевдин колунан министрдин биринчи орунбасарынын кызматын өтөгөн. Ошол эле Курманбек Бакиев, Феликс Шаршенбаевич, Акүйдү карап көрүңүз - 90 пайызы Аскар Акаев менен табакташтар, санаалаштар. Анан алардын баары бизге кыйкырып атышат. Биз 15 жыл кыйкырып келген оппозиция болчубуз, дагы эле ошол позицияда турабыз. Эч кимибиз Акаев менен достошкон эмеспиз, эч кимибиз Бакиев менен дагы достошкубуз келген жок.
- Дагы бир маселе, сиз Кыргызстан үчүн башкаруунун кайсы формасын тандайт элеңиз. Ошол эле убакта айтып жатышат – маселе, башкаруунун формасында эмес, мазмунунда, деп. Сиз эмнеге токтолдуңуз?
- Мен идеалдуу вариант - парламенттик башкаруу деп эсептейм. Анткени биз кыргыз эли тоодо жүргөн, эркиндикте жүргөн эл болгонбуз. Илгери - Кокон хандыгынан мурда деле уруу-уруу болуп, кокту-колотто жатсак дагы федеративдик, тең ата, коллегиалдуу эл болгонбуз...
- Сиз азыр депутатсыз, ошол үчүн бул сөзүңүз өз көмөчүңүзгө күл тартып аткандай сезилип атат?..
- Мен азыр депутатмын. Эртең мисалы, жаңы Конституция кабыл алынса биз кетебиз да. Мисалы, мен ушул парламент кетип, жаңы парламент келсин дейм. Мага эч ким кепилдик бербейт - эртең менин кайра шайланып келээриме. Менин кандай кызыкчылыгым бар? Мен дупутат болгонум үчүн сүйлөгөн жокмун. Мен парламенттин ичинде туруп, коллективдүү башкарууга өтпөсөк, бир үй-бүлө деген болбойт экен, биз айланып келип эле өзүбүз бузат экенбиз, Акаевди, анын үй-бүлөсүн 15 жылда кандай буздук, Бакиевди бир жылга жетпей бузуп отурабыз, деп атам. Эртең Текебаев, Атамбаев келсе да бузабыз. Ошон үчүн мыйзам башкарсын, бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулук башкарсын деп атабыз.
- Мелис мырза, сиздер 12-октябрда Улуттук форумда кабыл алган резолюцияда Мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук компания кылыш керек деген пикирди айттыңыздар. “Пирамиданы” болсо тез арада обого чыксын деп атасыздар. Бирок президент жакында - 9-октябрда өкмөт мүчөлөрү менен кеңешме өткөргөндө айтыптыр: Мамлекеттик телеканалды коомдук кылуу тууралуу сөз да болбошу керек, анткени ЭлТР деген коомдук канал түзүлүп атат, ал эми мамлекеттик канал мамлекеттин колунда калыш керек", деп. Президент дагы айтыптыр - эгер депутаттар сунуш кылган маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамды кабыл алсак, мамлекеттик казынадан бир топ каражат кетет экен, бул реалдуу эмес, деген пикирди. Сиздин позицияңызды биз билебиз. Азыр Мамлекеттик телеканалдын жетекчилиги да айтып атат – эгер коомдук дегенге өтсөк анда президенттик администрациянын ордуна эле парламенттеги кишилер бизди башкарып калат экен, деп. Ошолордун башкаруусуна өтүп калганы атабыз, анткени ал жерде коомдук башкаруу деген кеңешке эч кимибиз мүчө болбойт экенбиз, деп айтып жатышат. Ушундай чочулоолор бар, буга эмне дейсиз?
- Бул курулай чочулоо, курулай алдамай элди. Эсиңизде барбы, жазында Текебаев спикерликтен кетип жатканда бир сөз үчүн кеткен – “эми жигит деген сөзүнө туруш керек” деп, андан ары катуурак сөз айтып ийген. Былтыр 23-июнда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев атайын өзүнүн жарлыгына кол койгон - 2005-жылдын аягына чейин Кыргыз телерадиокомпаниясы коомдук телевидениеге айлансын деген, анын бакыйып колу турат. Жигит деген, президент деген журт атасы, ал өзүнүн сөзүнө, антына туруш керек да. Мен башка убадаларын айтпай эле коеюн. Президенттик шайлоодогу платформаларын айтпай эле коеюн. Экинчиси, ошол эле КТРдин жетекчилери айла жок ошондой позицияны тутунуп атышат. Анткени алар президенттин үй-бүлөсүнүн, президенттин жеке керт башынын гана кызыкчылыгы менен отурушат. Алардын жарлыгы менен кызматка коюлат, алардын жарлыгы менен кызматтан кетет. Коомдук телевидение дегенди парламент чечпейт, мыйзамды окуш керек да. Мыйзамда жазылып турат – башкаруучу органдын мүчөлөрүнүн бешөөнү президент сунуштайт, бешөөнү парламент сунуш кылат, кааласаңар бешөөнү КТРдин өзүнө берели, атуулдук коомго берели, деп. Анан алар биригет дагы арасынан бирөөсүн башкы директорлукка шайлап туруп, кайрадан президентке беришет, анан президент кааласа ал кишини бекитип берет, кааласа башкасын алып келгиле дейт. Бул жерде татаал эч нерсе жок. Бюджеттен бир тыйын ашыкча кетпейт. Ошол эле былтыр, мурдагы жылы, он жыл бюджеттен акча кандай бөлүнүп келсе КТРге ошондой эле калыпта калат. Ал жерде эч кандай каржы жагынан оюндар жок. Болгону сөөгү мамлекеттик бойдон калат, бирок КТРдеги журналисттер эркин болот. Чыгармачыл, мыкты адамдар эркин иштешет, президенттин да көзүн карабайт, парламенттин да, соттун да көзүн карабайт. Сөз эркиндиги болсун деп атканыбыз ушул. Булар ошону түшүнбөй атат. Каржылоо системасы каржы министрлигинде эле калат. Акчаны парламент аркылуу мурдагыдай эле бөлүп турат.
- “Пирамиданын” айланасындагы маселеге кандай карайсыз? Мисалы, “Пирамиданын” айланасындагы чууну Кубат Байболов башында турган атайын депутаттык комиссия иликтеди эле. Бирок “Медиа Инвесттин” артында президенттин баласынын карааны калдаңдап көрүнүп атат дегендей пикирлер бар. Бирок ага да ачык далилдер жоктой сезилет?
- Карааны көрүнмөк тургай эле... сиз уга элексиз, жаңы кабарды айтып берейин. Өткөн жума күнү - Улуттук форумдун эртеси - бизди, элди шылдыңдагансып, Бишкек шаардык соту түнүчүндө “Пирамиданын” бир да өкүлүн, бир да адвокатын чакырбай туруп, “Пирамиданын” контролдук пакет акциясын “Инвест медиага” өткөрүп койду, ушундай чечим кабыл алды. “Инвест медианын” уюштуруучусу Цой деген мырза Израилдин атуулу, аларды ырасмий түрдө Максим Бакиев “Пирамиданын” жетекчилигине келип тааныштырган...
- Максим Бакиев өзү келди беле “Пирамидага”?
- Өзү келди. Адыл Бийназаров элдин баарына, комитетте, Жогорку Кеңеште айтып берди аны. Пресс-конференция берип айтты - Максим Бакиев былтыр июнда ушундай сунуш менен келген деп.
- Бийназаровдун сөзүнө эмне үчүн ишенишибиз керек?..
- Бийназаровдун сөзүнө ишениш, ишнебеш өзүңүздүн ыктыярыңызда. Адилет министрлигинен ошол документтерди аңтарсаңар бүгүн соттун чечими боюнча жаңы кожоюндар отуруш керек “Пирамидада”. КООРТ кандай болду - менден жакшы билесиз. Белоконь деле жашырган жок аны, ары жакта Березовскийдин караны көрүнүп турат. Бүгүнкү күндө Акаевдин үй-бүлөсүнүн мүлкү, анын ичинде эң чоң идеологиялык курал болгон маалымат каражаттары, асыресе КООРТ, “Пирамида”, эми КТРдин оңой эле болду жолу, НТСке көзүн кызарта башташты - булардын бардыгы бир үй-бүлөнүн кызматына баратат...
- Ошол үй-бүлө тууралуу Улуттук форумдун резолюциясында айтылыптыр. Сиздер талап кылып атасыздар, президент өзүнүн элчиликте жүргөн бир туугандарын “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” мыйзамга таяп туруп, чакыртып алсын деп. Президент өзү бул маселе боюнча позициясын бир нече жолу айткан. Атап айтканда, ал айтып атат - алардын бала-чакасы, үй-бүлөсү бар, эми алар Кыргызстанга келсе, Кыргызстанда жүрөт, деп айтасыңар, тигил жакта жүрсө тигил жакта жүрөт, деп айтат экенсиңер. Эми алар Айга учуп кетиш керекпи, деди президент. Ушул сөзү бизде – “Азаттыкта” жазылуу турат. Президенттин бир туугандары эмне кылыш керек, сиздин деле бир туугандарыңыз бар да?
- Айга учуп кетпесин, бирок президент болгондон кийин, өзгөчө Аскар Акаевден кийин ... Эми Акаевди эл анын алсыздыгынан же келесоолугунан кубалап ийген жок да. Анын эң ириде балдары депутат болуп келип, аялы, балдыздары өлкөнү башкара баштаганда - ушул нерсе элдин кыжырын келтирген. Президенттик кызматка киришип жатып, биринчи сөзү катары Курманбек Салиевич айткан “мен үкаларымды, балдарымды, үй-бүлөмдү бийликке аралаштырбайм”, деп. Алар ачка калып атпаса. Мен өткөндө тамашалап айттым, андай болсо балдардын фондун ачалы дагы, бир сомдон чогултуп, 5 млн. сом берип, үкаларын, акаларын багып берели деп. Ыймандык дагы, репутация жагы да бар да...
- Мисалы, Марат Бакиев кимге тоскоолдук кылып атат, Кытайдагы иниси кимге тоскоол болуп атат?
- Жалгыз Марат жөнүндө сөз болгон жок. “Матрешка” чуусуну чыгышына Жаныш Салиевичтин үлүшүн көрдүңөр да...
- Ал далилдене элек да? Сот чечим чыгара элек?
- Кандай далилдене элек? Коомчулук, парламент көрдү. Парламентти жакшы көрөсүңөрбү, жаман көрөсүңөрбү, 46 добуш менен Жаныш Салиевичке кылмыш иши козголсун деген токтом кабыл алды, ал өттү. Парламент саясий оюн кылып атат, беш эле сокур саясатчы бар деп атпайсыңарбы. Ушунчалык эле келесоо көрбөш керек парламентти. Жаныш Салиевичтин, Улуттук коопсуздук кызматынын тиешесин биз далилдеп бердик. Андан ары мен президентке суроо бердим, болуптур балаңыз ары жакта Латвияда, Америкада бизнес кыла берсин, каршылыгым жок Максимге, бирок 25 млн. долларды ырасмий түрдө ошол долбоорго киргизип атыптыр Ригада. Ошондон канча тыйын Кыргызстанга салык төлөдү, ошол акчаны кайдан алды, деп атабыз. Президенттин азыр баскан-турганынан бери, чүчкүргөнүнөн бери, бала-чакасынан бери бардыгы ачык, таза болуш керек деген гана кеп болуп атат.
- Кандай ойдосуз, мындан ары эмне кылыш керек президент?..
- Мындан аркысы эң гана жөнөкөй - эки жуманын ичинде Курманбек Салиевич 7-кабаттан жерге түшүш керек, элден шайланганын, өзүнүн кабат-кабат берген жигиттик убадаларын эстеш керек дагы, Конституциялык реформаны 2-3 күндүн ичинде парламент менен акылдашып туруп бүтүрүш керек...
- Эгер аны жасаган жок дейли?
- Аны жасаган жок, КТРди коомдук башкарууга өткөргөн жок, үй-бүлөсү боюнча бир чечимге келген жок, анда биз 2-ноябрда Конституциянын алкагынан чыкпай, эч кандай тартип бузбай, 20-30 миң киши өзүбүздүн бозүйлөрүбүздү, чатырларыбызды тигип алып, президент Бакиевдин ыктыярдуу түрдө отставкага кетишин талап кылабыз. А биз парламент аркылуу Конституциялык жол менен депутаттар президентке ишеним көрсөтпөөсү демилгесин баштайбыз.
- Сиздер митингге чыгуучулардын санын айтканда дайыма миңдерди айтып келатасыздар. Бирок ошончо элдин чыгарына ишенич барбы азыр?
- Менимче, андан аз болбойт, андан да көп болот деп турабыз. Ишенич толук бар.
- Бийлик тарабынан дайыма айтылат, булар колунда бар бай адамдар - дайыма пикетке акча берип чакырып келишет деген сөздөр бар?
- Биздин жүзүбүзгө көлөкө түшүргөнгө аракет кылып атышат. Адамдарды акчага сатып келип ошол жерге тургузганга мүмкүнбү. Мисалы өзүңүз ойлосоңуз, 30 миң адам болсо, 100, 50 же 500 сомго сатып келип тургузуу мүмкүнбү аларды?..
- Мисалы, жумушсуздар көп да. Күз деле бүтүп калды, айылда жумуш жок?
- Бул такыр акылга сыйбаган нерсе, менимче, бизге кошулуп жаткандардын 99 пайызы бийликке нааразы. Өздөрү ички иштер министрлигинин системасында болобу, билим берүү системасында болобу же элет жеринде болобу – алар бир жылдан бери жондоруна кайыш тилинип, Бакиевге ички нааразылыгы күч болуп келген адамдар басымдуу көпчүлүк.
- Мелис мырза, акыркы суроом. Конгантиев бир туугандарга сиз учурда айыгышкан оппонент болуп атасыз. Сизди Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиев айтып атат - Мелис Эшимканов депутаттык мандатынын күчүнө салып, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп атсак, ал айрым кылмышка күмөндүү делген адамдарды, коррупционерлерди коргоп атат, деп. Биз өзүбүздүн ишибизди жасап атабыз, Мелис Эшимканов биздин ишибизге кийлигишпесин, дейт Молдомуса Конгантиев?
- Молдомуса Конгантиев ошондой сөздү айткандан кийин погонду тагынбай эле койсо болот эле. 22-сентябрда мен башкы прокурордун отставкага кетишин башка депутаттардан айырмаланып ачык талап кылдым, кемчиликтеринин барын тизмектеп бердим, мага өчөшкөндөрү ошондон башталды. Ошол кемчиликтердин кеткенин айкындап бир жума мурда президент Бакиев кол койду - президенттик администрацияда түзүлгөн комиссиянын чечими, жыйынтыгы туура, Конгантиев мындай мыйзам бузууларга барган, анын кызматта калышын да карап көргүлө, деп өзүнүн колун коюптур. Анан Молдомусасы, Камбаралы акеси менден өч алыш үчүн кайдагы бир мага тиешеси жок салыкчы жигитти кармап чуу чыгарышат, бул Эшимкановдун тууганы экен деп. Изилдей келсе тууганы эмес. Классташы экен дейт, изилдей келсе классташы эмес. Көрсө Атбашынын Талдысуусунун жигити экен. Ал жигитти коргоп мен же телефон чалбасам же кызыкпасам, мага чапташтырып эмне кылат. Эгерде менин инимби, агамбы, күйөбаламбы - мыйзам бузса, менин Молдомусага окшогон адатым жок - коргобойм. Бирок бүгүнкү күндө эки бир тууган мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды тебелеп, Конституцияны тебелеп, абдан туура эмес иштерге барып аткандыгы, анан аларга Бакиевдин алы жетпей аткандыгы, бул дагы бир жолу 2-ноябрда бийликке биз туура талап коюп атканыбызды айгинелеп турат...
- Мелис мырза, сиздин бүгүн келип маек куруп бергениңизге ырахмат. Сөз соңунда айта кетээрибиз – бул ирет биз эки тараптын бир өйүзүнүн гана пикирин уктук. Эгер каалашса кийинки жолу ошол эле биринчи вице-премьер-министр Данияр Үсөнов болобу, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров болобу, же азыр эле аттары аталып өткөн бир тууган Конгантиевдер болобу, айтор, бийликтин бир өкүлүн “Ыңгайсыз суроолорго” чыгарып, маектешүүгө даярбыз. Сиздер Мамлекеттик канал менен “Азаттык” үналгысынын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүн көрдүңүздөр. Аны мен – Кубат Оторбаев алып бардым.