Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:42

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ : ЖУРНАЛИСТИКАДАГЫ "ЭКСТРЕМИЗМДИ" ЖАЗАЛОО СУНУШУ ӨТКӨН ЖОК


«Экстремисттик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн» жазаны күчөтүүнү караштырган бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште добушка коюлуп, өткөн жок. Бул долбоор бийликке саясий оппоненттерин куугунтукка алууга жакшы курал болуп берет деген пикирин билдирген айрым депутаттар мыйзам кабыл алынышына каршы турушту.

«Экстремисттик маанайдагы материалдарды жарыялаганы үчүн» жазаны күчөтүүнү караштырган мыйзам долбоору апта башынан бери коомчулук тарабынан сынган алынып келе жатат. Интерньюс менен “Медиа өкүлчүлүгү” институту бул долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу коркунуч туудурарын белгилеп, “экстремисттик маалымат” деген түшүнүк айрым бир бийликке жакпаган маалымат каражаттарын жок кылуу максатында колдонулуусу мүмкүн деген пикирин билдирген.

Аталган мыйзам долбооруна бүгүн парламент добуш берди. Депутат Мелис Эшимканов долбоор кабыл алынса саясий оппоненттерди куугунтуктоого жол ачаарын белгилеп, кесиптештерин мыйзамды колдобоого чакырды. Депутаттын айтуусунда бул мыйзам долбоорунун сунушталышынын өзү коомдогу чыңалууну күчөтүп жатат:

-“Экстремизм” деген сөздүн маанисин толук бекитпей туруп, сунуштап жатышат. Ал жерде саясий экстремизм, религиялык, криминалдык экстремизм демиш болуп, бүгүнкү күндө бийликке каршы сүйлөгөндөргө чара колдонуунун бир жолу болуп атат. Ансыз деле жарылайын деп турган коомдогу чыңалууну күчөтүп жатышат.

Мелис Эшимканов “Реформа үчүн” кыймылынын 2-ноябрда боло турган митингинин негизги талабы— президенттин отставкасы болуп жаткандыгынын да бир себеби—сөз эркиндигинин басмырланып жаткандыгынан улам келип чыгууда дейт:

-Бүгүн эркин маалымат каражаттары саналуу эле калды. Эгер биз 2-ноябрда президенттин отставкасын талап кылбасак, басма сөз эркиндиги тебеленип, жок болуп баратат,-дейт Мелис Эшимканов.

Добушка салынган мезгилде мыйзам долбооруна 17 гана депутат макул деген добуш берип, көпчүлүк каршы добуш менен мыйзам долбоору өткөн жок.

Мыйзамды парламентке койгон адилет министри Марат Кайыпов бул өзгөртүү жана кошумчалар буга чейин кабыл алынган «Экстремизм жөнүндөгү» мыйзамдын талаптарына ылайык жасалып жатканын билдирди.

Министр мыйзам долбоорунун өтпөй калышына депутаттардын “экстремизм” деген түшүнүктү туура эмес түшүнүп, мыйзам долбоорун саясатташтырып жиберишкендиги себеп болду деген оюн “Азаттыктын” кабарчысына билдирди:

-Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамда буга чейин деле ушуга окшогон тыюу болгон. Мына ушул тыюуларга кошулуп, бул дагы ошондой эле тыюу. Массалык маалымат каражаттары экстремисттик чакырыктарды, экстремисттик пландарды өзүнүн бетинде жана экранында чагылдырбайт деп жазылып турат. Мына ошол тууралуу гана сөз болуп жатат.

Министр мырза Жогорку Кеңешке кийинчерээк экстремизмге каршы күрөшүү боюнча дагы башка сунуштар менен кайрылышарын кошумчалады:

-Бул мыйзам кабыл алынбаса террористтик, экстремисттик уюмдар менен күрөшө албай калабыз. Ошондуктан, жакын арада биз дагы башка сунуш киргизебиз,-дейт адилет министри Марат Кайыпов.

Ал эми депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоору толук кандуу, ийине жеткириле жазылган эмес, ошондон улам ал депутаттардын колдоосун таба алган жок деп ойлойт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG