Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

КУМАР ОЙНОО ИШКЕРДИГИН КРЕМЛЬ ӨЗ КОЛУНА АЛУУДА


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусияда «Кумар ойноо ишкердиги» боюнча мыйзамга толуктоо киргизилген долбоордун «жакында» кабыл алынарын Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов айткан. Андай демилгени айдын башында президент Владимир Путин көтөрүп, өлкөдө төрт гана жерде кумар ойноого уруксат берилиши керек деген эле. Ал грузиялык кылмыштуу топтордун казинолорун жабуу компаниясы башталганга аралаш сунушталган. Сырттан көз салуучулар мыйзамга толуктоолор киргизилгенден кийин кумар ойноо жашырын түрдө болуп калат дешет.

Кумар ойноочу жайлардын бардыгын төрт жакка бөлүп, орусиялык Лас-Вегас түзүп чыгуу сунушун Владимир Путин 4-октябрде эки палата депутаттары менен жолугушууда айткан. Ошол тапшырма боюнча Мамдума бул күндөрү мыйзамга толуктоо киргизүүнү колго алган. Алдын ала айтылган пикирде төрт калаанын экөө Маскөө, Санкт-Петербург же Сочи болуп калышы ыктымал. Алардан сырткары Ыраакы Чыгыш менен Сибирде бирден жаңы шаар 2007-2009-жылдар ичинде курулууга тийиш. Өлкөдөгү кумар ойночу жайлар ошол калааларга көчүүгө тийиш.

Долбоорду кабыл алдырууда «Бирдиктүү Орусия» катуу киришип атканы айкын болууда.

«Бул мыйзам Орусиянын чегинде кумар ойноочу ишкердикти жүргүзүүгө мүмкүн боло турган төрттөн көп эмес жер болорун белгилейт», деди Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов.

Орусияда 17 жылдан бери кумар оюну ачык ойнолуп аткандыктан анын эл арасына кыйла сиңип кеткенин айтышат. Маселен, бул күндөрү «Азаттыктын» кабарчысы Евгений Назарец жиберген макалада, бир эле Екатеринбургда 24 казино жана кумар ойноочу автоматтар орнотулган 280ден ашуун залдар бар. Кумарчыга айланып кеткендер эсеби шаар тургундарынын 4 пайызына жеткен.

Ошондуктан пайдубалы тургузула элек «орусиялык Лас-Вегаска» эки жыл ичинде кумар оюнунун ири очоктору чындап эле көчүп алганда да анын арты жаман болорун айтышат. Андай болгондо буга дейре кумар ойнолуп келген жерлерде жашыруун кумар ойночу клубдар жана залдар пайда болот дешет. Мындай ойду, маселен, кумар ойноо тармагын өнүктүрүү бирикмесинин жетекчилеринин бири Борис Белоцерковский айткан:

«Эки жылдан соң, ачыктан ачык кумар ойноо ишкердиги жабылгандан кийин (Орусияда – ММ) кулак кескендей тымтырстык пайда болот», - деген.

Аңгыча эле Иванов облусунун губернатору Михаил Мень өз жерине кумар ойноочу калааны жайгаштыруу ниетин билдирди. Ага дейре Калининград жана Маскөө облустарынын губернаторлору Георгий Боос менен Борис Громов да андай ниеттери бар экенин билдиришкен.

Анализчилер арасы болсо бекер акча суудай аккан кумар оюнчулар ишкердигин мамлекеттин көзөмөлдүгүнө алып, Кремл ал тармакты да өз колуна алып атат дешет.




Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG