Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

20-ОКТЯБРЬ : ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1860-жылдын бу күнү Садык, Тайчык, жана Ахмет баштаган кыргыздар жана казак жоокерлери Ыргыйты кайыңдыдан Узун Агачты көздөй аттанышкан. 1991-жылдын 20-октябрында коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитети курулган.

1860-жылдын октябрь айында Россия империясы менен Кокон хандыгынын Жетисуу аймагындагы тирешүүсү чечүүчү чекке жетти. Канатшаа парваначи кокондук аскерлерди баштап Узун Агач багытында жортуулга чыккан. Анын жүрүшүнөн кабар алган генерал Колпаковский Кастектеги чек ара чебине бекинип, 1860-жылдын бу күнү Садык, Тайчык, жана Ахмет баштаган кыргыздар менен казак жоокерлерин Ыргыйты кайыңдыдан Узун Агачты көздөй аттандырган. Кыргыз жоокерлерине Узун Агачты алып, аны колдон келишинче кармап, жоо аскерин Кастекке коё бербөө милдети жүктөлгөн.

1884-жылдын сентябрь айында Шабдан баатыр менен Токмок уездинин манабы Сооромбай Кудаяровдор Талаа генерал-губернаторуна кат менен кайрылышкан. Кайрылуунун себеби, Токмок уездине караштуу Тогузторо волостунун молдосу Мамырбай Кубатбековдун жаза мөөнөтү соңуна чыгып калгандыгына байланыштуу жазылып, кыргыздын ардактуу адамдары аны түрмөдөн бошотууну өтүнүшкөн. Кат ээлери Мамырбай Кубатбековду кыргыз коомчулугуна аралаштыруу жана анын үлгүлүү жүрүш-турушун камсыз кылуу маселеси боюнча генерал-губернаторго кепил болоорун билдиришкен.
Шабдан баатыр менен Сооромбай Кудаяровдордун каты 1884-жылдын 20-октябрында кыргызчадан орус тилине которулуп, каттоого алынган.

Кыргызстан эгемендик алып, жетеленме саясаттан кутулгандан кийин көзөмөл органдардан арылуу зарылчылыгы жаралган. Буга чейин коомчулук арасында коопсуздук комитетине карата айтылган сын көз караш, анын максат- милдетин жаңы шартка жараша өзгөртүү керектигин күн тартибине койгон. 1991-жылдын 20-октябрында президент Аскар Акаевдин жардыгы менен коопсуздук комитети жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча Мамлекеттик коопсуздук комитети курулган. Жардыкта белгиленгендей, жаны күч органы инсандарды көзөмөлгө алып, алардын көз карашын идеологияга түздөгөн багыттан арылып, ага улуттук коопсуздук коргой турган милдеттер жүктөгөн.

1999-жылдын бу күнү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеш катчысы Болот Жанузаков Кыргызстанга кол салган динчил экстремисттерге, эларалык террористтерге өкмөттүк аскерлер катуу сокку уруп, алар өлкө тышына чыгарылды деген билдирүү жасады.

Жогорку Кеңеш депутаты Тынычбек Акматбаев түрмө жана абактагылардын абалын парламенттик инспекциялоо маалында, 2005-жылдын 20-октябрында колония козголоңунан киши колдуу болуп өлтүрүлдү.

Бу күнү, 1905-жылы Жалпыроссиялык стачка башталып, 1930-жылы Хакас Автономиялык областы уюшулуп, 1616-жылы даниялык анатом, адам лимфатикалык түзүлүшүн ачкан Томас Бартолин, 1632-жылы англис архитектору, Королдук коомдун негиздөөчүсү жана президенти Кристофер Ренн, 1891-жылы англис физиги, Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Чедвик жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков, Бишкек
XS
SM
MD
LG