Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:25

Ө.ТЕКЕБАЕВ: "БИЗДИН НИЕТ - МЫЙЗАМДУУ ЖОЛ МЕНЕН ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ ЖЕТҮҮ"


19-октябрда «Реформа үчүн» кыймылынын лидерлери бир катар чет өлкөлүк дипломаттар менен жолугушту. Алар 2-ноябрда өтүүчү мөөнөтсүз митингде бийликке коюлуучу талаптар, митингдин максаты тууралуу толук маалымат беришти. Чет элдиктерге Өмүрбек Текебаев алардын негизги мүдөөсү тынчтык, мыйзамдуулук менен өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жетишүү экендигин билдирген.

Бишкектин «Консул» ресторанында «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү уюштурган жолугушууга АКШнын элчисинин жардамчысы, Казакстан, Тажикстандын элчилери, Жапония, Франция элчилигинин өкүлдөрү катышты. Орусиянын эсептөө палатасынын төрагасы Сергей Степашиндин Кыргызстанда иш сапары менен жүргөндүгүнө байланыштуу Орусия элчилигинен өкүлдөр катышкан жок.

"Биздин ниет тынчтык, мыйзамдуулук менен өлкөдөгү өзгөрүүлөргө жетишүү экендигин билдирдик. Бул биздин ички ишибиз. Абдан татаал. Бирок, ички ишибизди сабырдуулук менен акыл калчап, чыр-чатагы жок чече алабыз, деп өз пикирибизди билдирдик, -деди Өмүрбек Текебаев жолугушуудан кийин.

12-октябрда жалпы атуулдук форум болуп, 9 талаптан турган резолюция кабыл алынган. Анда 10 күндүн аралыгында биринчи Конституциялык кеңеш даярдаган Конституциянын долбоорун парламентке сунуштоо, эл ишениминдеги коалициялык өкмөттү түзүү, коомдук телевидение уюштурууга каршы коюлган ветону чакырып алуу, КТРдин базасында коомдук телевидение түзүү, “Пирамида” телерадиокомпаниясына эфирге чыгуу шарттарын түзүп берүү, Башкы прокуратурага болсо Текебаевге каршы акция уюштургандарды тактап, Жогорку Кеңештин токтомун кыска мөөнөттүн ичинде аткаруу сыяктуу талаптар коюлган.

Жолугушууга келген Казакстандын элчиси Умарзак Өзбеков “Реформа үчүн” кыймылынын иш аракеттерин Кыргызстандын ички маселеси экендигин баса белгиледи.

"Бул Кыргызстандын ички иштери. Ошондуктан биз Кыргызстандын ички иштерине кийлигишпейбиз. Тигиндей, же мындай деп пикир айтып, баа берүү менимче ички иштерге кийлигишүү, деп ойлойм".

Ал эми “Реформа үчүн” кыймылдын штаб башчысы Өмүрбек Абдырахманов болсо аталган кыймыл тарабынан коюлган талаптар боюнча 2-ноябрга чейин бийлик тегерек үстөл жыйынын өткөрүп талкуулабаса, анда митинг мөөнөтсүз болуп, президентти кызматтан кетирүү талабы да коюларын айтты.

Президенттин кеңешчиси Болот Шамшиев чет элдик дипломаттар менен жолугушууга, өздөрүнүн көз караштарын айтууга оппозициячыл саясатчылардын укугу бар экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG