Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:40

КДК ПАРТИЯСЫ МИТИНГ ЭМЕС СҮЙЛӨШҮҮ ЖОЛУН ЖАКТАЙТ


"Кыргызстан демократиялык кыймылы" партиясы бийлик жана “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрүн оппозиция койгон талаптарды митинг жолу менен эмес, ийри олтуруп түз кеңешүү жолу менен тез арада чечүүгө чакырууда.

КДК партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеевдин айтымында, партия “Реформа үчүн” кыймылынын курамына кирбейт. Бирок, өлкөдөгү абалдын курчуп баратышынан улам президент Курманбек Бакиевге, оппозиция өкүлдөрүнө жана коомчулукка кайрылуу кабыл алышты. Кайрылуунун мазмуну менен партия лидери Жыпар Жекшеев тааныштырды:

- Биринчиден, учурдагы саясый кырдаалды эске алуу менен эки тарап тең: бийлик жана “Реформа үчүн” кыймылынын өкүлдөрү ийри олтуруп түз кеңешип, оппозиция койгон талаптарды тез арада чечүү керек. Бардык маселенин башаты болуп жаткан конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү зарыл. 2- ноябрдагы митингде провокациялар болушу мүмкүн. Себеби митингге каршы митинг өткөрөбүз деген үчүнчү күчтөр да арбын экен. Өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетип, түндүк-түштүккө бөлүп жарчу, эл ынтымагын бузууну көздөгөндөр да бар. Ошондуктан тез арада бетме- бет жолугуп, митингге жеткирбей кеңешүү жолу менен оппозиция койгон айрым негизги талаптарды аткаруу керек.

“Бишкек таймс” гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдун пикиринде Кыргызстанда бийликтен кеткен айрым чиновниктер өз саясый кызыкчылыгын ойлоп, партия түзүп, лидер болуп чыга келет. Бирок кыйын кырдаал, татаал жол, тайгак кечүү абалына келгенде кайсактап калышат. Ошондон улам азыркы шартта ондогон партиялар өз позициясын билдирүүдөн чочулап, көлөкөдө баш катып турушат.


Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG