Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

АКЫЛ АКУНОВ : ОТСТАВКАДАГЫ МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ДА РЕФОРМАНЫ ТАЛАП КЫЛЫШАТ


“Реформа үчүн” кыймылынын 2-ноябрга белгиленген митингисине милициянын отставкадагы кызматкерлери да өз талаптары менен чыгууга ниеттенүүдө. Ички иштер министрлиги мурдагы кызматкерлердин аянтта милиция формачан болуусуна каршы экенин билдирген. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынын кечээги билдирүүсүндө айтылат. 2-ноябрдагы митингге чыгууну көздөп жаткандардын өкүлү, милициянын отставкадагы полковниги Акыл Акунов “Азаттыкка” өздөрүнүн ой-максаттары жөнүндө айтып берди.

- Милициянын отставкадагы кызматкерлеринин 2-ноябрдагы митингге катышууну көздөп жатышынын себеби эмнеде? Коюлуп жаткан саясий талаптарды жаран катары колдогонуңуздарданбы, же башка маселелер да барбы?

- «Реформа” кыймылындагы койгон талаптарды аткарууга булардын мүмкүнчүлүгү жок, экинчиден аткаргысы келбеген болуш керек. Себеби милиция формасын кийип чыксак, ал жерде тартип, адептүүлүк болот жана башка укук бузууларга жол бербейли деген аракет болчу. Министр ал приказы менен бизди башкара албайт. Биз ал башкарууну бүткөнбүз. Биз татыктуу эс алууга чыкканбыз. Ар бирибиз 25-30 жылдан иштеп, эмгек сиңиргенбиз, форма кайтарылгыс бекер берилген. Ошону ошондой иш чаралар болсо, же салтанаттар болсо кийип барууга биздин түздөн-түз укугубуз бар.

- Мен дагы бир сыйра тактап коеюн. Сиздер саясий талаптарга кошулуп жатасыздарбы, же министрликтин ички маселелери боюнча да маселелер барбы?

- Министрликтин ички маселеси ошол реформанын ичиндеги маселе. Ал ички маселелерин биз да көтөрүп атабыз. Бул «Реформа” кыймылын колдоп аткандыгыбыз.

- Ички маселелерден кайсылар орундуулар?

- Мисалы, кадрларды тандоо, кадрларды жайгаштыруу. Дээрлик азыркы мыйзамга да, адамкерчиликке да сыйбаган фактылар көп.

- Ошондой фактылар акыркы бир жарым жыл ичинде көп орун ала баштадыбы?

- Ошондой фактылар абдан көп орун алды. Татыксыз, ар кандай өзүн дискредитация кылган кадрлардын баары дайындалды жана түндүк, түштүк деген саясат менен көп кадрларды бөлүп салышты. Ошону менен алардын ичинде кадр ыркы кетип, кызматкерлердин ичинде келишпөөчүлүк күчөп кетти.

- 2-ноябрга митингге чыга тургандарга кошулууну көздөп жаткандардын катарында милициянын мурдагы кызматкерлеринен көппү?

- Бизди колдоп чыгууга мүмкүнчүлүгү бар азырынча 150дөй кызматкер бар.
Ошонун ичинде алтымыш-жетимиши полковник жана башка чиндеги кызматкерлер.

- Сиздер министрлик эскерткенине карабай баары бир формачан барууга ниеттенип жатасыздарбы?

- Министр эч кандай бизди эскертип тыялбайт. Анын укугу да, акысы да жок бизди тыюуга.

- Кечээ министрликтин басма сөз кызматы бир билдирүү таратып, мурдагы отставкадагы милиция кызматкерлеринин форма менен митингге чыгуусу ички жоболорго каршы келет деген билдирүү жасады?

- Дүйнөлүк практикада тыюу кылуу деген жок. Дүйнөлүк практикада запастагы аскердик кызмат, милиция кызматы болобу, форманы кийип чыгууга эч ким тыюу салган эмес. Кыргызстанда милиция “Реформа” деген кыймылды колдоп атканы бул биринчи болуп аткан окуя. Ошон үчүн булар эмне кыларын билбей, ушундай ыплас туура эмес буйруктарды жазууга туура келип атат окшойт.

- Сиз өзүңүз канча жыл иштегенсиз. Жеке өзүңүздүн дооматыныз жокпу?

- Менин жеке өзүмдүн дооматым жок. Мен өзүмдүн каалоом менен кеткем, себеби азыркы жетекчилер менен иштөөгө мүмкүн эмес. Ошон үчүн менин жашым жеткенинен өзүмдүн каалоом менен кеткем.

- Каалосу менен кетпегендер да барбы?

- Андайлар да бар.

- Азыр бир тармакты реформалоо максатында бир аракеттер көрүлүп, ОБСЕ менен да бир программа 2-3 жылдан бери иштелип жатат го, ага көз карашыныз?

- ОБСЕ өзүнүн кызыкчылыгы үчүн реформага техникалык каражаттарды берип атат. Ошонун аркасына жамынып алып эле реформа жасап атабыз деп атышат. Эч кандай реформа жүргөн жок. Алар жөн гана техникалык каражаттарды машина, компьютер ж.б. берип атат. Аны реформа деп эсептебеш керек. Реформаны укуктук негизде, кадр даярдоо негизде жасаш керек. Кандай жасашты мен бир нече жолу газетага, телевидениеге айткам. Алар аны көңүлгө алган жери жок. Себеби жасагысы келбейт. Милиция, укук коргоо органдарындагы коррупция бул реформага жол бербей жатат.

- Ички иштер министпрлигинин тармагы өтө чоң да. Реформаны кабыл алууга көп убакыт талап кылынат го?

- Көп убакыт талап кылынат. Бирок ошонун алгачкы этабы да жасалган жери жок, биринчи кадам да жасалган жок.

- Биринчи кадамдын бир-экөөсү эмне болушу керек эле?

- Биринчи кадрларды даярдоодо жогорку мектеп жана орто мектеп бар. Ошолорду реформалап кадрларды даярдоону башташ керек эле. Кичинекей Кыргызстанга эки мектептин кереги жок. Кичинекей республикага бир гана кадрларды даярдоо мектеби керек. Себеби көп кадрларды чыгарып алып, аны жайгаштыра албай атат. Жашын жеткирбей-жеткирип көп кызматкерлерди отставкага айдап атканы ошол. Коррупция кадрларды даярдоодон башталып атат. Кабыл алынган курсанттардын саны көп, сапаты жок болуп атат. Мен айткам, жогорку мектепке армиядан келгенден кийин албаса жаштарыбыз буга даяр эмес деп. Санын азайтып, сапат жагын караш керек десем, алар өздөрүнүн кызыкчылыгы менен ошондой кылып атат. Көп кадр чыгарып койсо кичинекей Кыргызстанга батпайт экен. Кадрларда мурунку муундун тарбиясын алуу, салтын улантуу деген жок, жашарып кетти. Ошон үчүн ушундай мыйзам бузуулар көп болуп атат.

XS
SM
MD
LG