Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

АЗИЗА АБДРАСУЛОВА: “ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН ТОЛУК АЛЫП САЛУУГА ЧАКЫРАБЫЗ”


Жергиликтүү укук коргоочулар өлкөдө өлүм жазасын жоюу чакырыгы менен кайрадан чыгышты. Президент менен парламенттин дарегине жолдонгон мындай кайрылуу кечээ жасалган. Бул демилгени көтөрүп жаткан уюмдардын бири “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдырасулова “Азаттык” менен ой-пикир бөлүштү.

- Кыргызстанда өлүм жазасы сакталып жатканы менен акыркы 5-6 жылдан бери аны аткарууга мораторий да киргизилген. Сиздердин эсепте ушул жазага кесилген канча адам бар? Кечээ эле алгачкы инстанциядагы сот быйыл май айында кыргыз чегарачыларына кол салгандардын алдында жогорку жазага кести?

- Бизде Кыргызстанда өлүм жазасына 8 жылдан бери мораторий болуп келатат. Аскар Акаев өлүм жазасына мораторийди жылда декабрь айында кийинки жылга узартып келчү эле. Ал эми Курманбек Салиевич болсо мораторийди Кылмыш-Жаза кодексинен толук алынып салганга чейин деп узартты. Биз муну абдан жакшы колдоо менен кабыл алдык. Эми азыр президент тарабынан ушундай демилге көтөрүлүп атканы бул өлүм жазасы боюнча кетип аткан процессти алдыга жылдыруу болуп эсептелет. Ошондуктан биз муну өтө кубануу менен кабыл алып атабыз.

- Сиздердин эсепте канча адам бар ушул жазага кесилген, бирок мораторийге байланыштуу отурган?

- Биздин эсебибиз боюнча 200гө жакын адам өзүнүн жазасын күтүп отурат. Алардын эң көбү 8 жыл мурун өлүм жазасына тартылгандар. Аскар Акаев өлүм жазасына мораторий жарыялагандан бери эле ал иш жүзүнө ашырылбай келатат. Бирок сотто чечимдер кабыл алынып келатат. Арасында 8 жыл мурунку отургандар бар, жаңы өлүм жазасына тартылгандар бар.

- Ушул жазаны жоюу жөнүндө сөз кылганда, бул маселе Конституцияда көргөзүлүш керек да. Сунуш кылынып жаткан, анын ичинде премьер-министр Куловдун долбоорунда ушул нерсе каралган бекен?

- Конституциянын жаңы даярдалган долбоорлорунда мен билгенден баарында эле өлүм жазасын алып салуу болуп киргизилген. Эми үмүт кылып атабыз ушуну эл да, депутаттар да колдоп берет деп.

- Кокус чын эле бул жаза алынып салынса, буга чейин ага тартылгандардын тагдыры эмне болот?

- Бул бизди ойлонткон суроо болуп атат. Себеби, Конституция кабыл алынса, Кылмыш-Жаза кодексине жаңы өзгөртүүлөр киргизилсе, алар күчүнө кирген күндөн баштап гана жайылтылып калат. Андан мурункуларга жайылтылбай калат. Биз ошондуктан эл аралык уюмдар менен Өзбекстанда “Матери против смертной казни” деген өтө чоң уюм бар эл аралык деңгээлде иштеп аткан. Ошолор менен бирге иш алып барып атабыз. Алар да бизге кандай кылганда ушул адамдардын да өмүрүн сактап калса болот деген жолдорун көрсөтүп, бирге жолугушууларды өткөрүп атабыз. Дүйнөлүк практикада андайлар да кездешип аткан.

- Укук коргоочулар ушул демилгени толук жоопкерчилик менен эле көтөрүп жатабы? Мисалы, криминалдык кырдаалдын курчушуна кайра шарт түзбөйбү өлүм жазасынын жоюулушу өлкөдө?

- Биз укук коргоочулар өлүм жазасы толук алынып салып, сот чечим чыгарбай калганга чейин бул багытта иштей беребиз. Президент менен дагы, депутаттар менен дагы иш алып барабыз. Кылмыш-Жаза кодексине, мыйзамдарга өзгөртүүлөр толук киргизилгенде дагы Кыргызстандын жарандары активдүү катышат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG