Парламент отурумунда митинг маселеси суроо-жооп иретинде эмес, ар кимиси өз пикирлерин, көз караштарын билдирүү иретинде өттү. Жарыш сөзгө чыккан Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров митингдин максаты, анда коюлуучу талаптар тууралуу кыскача айтты. Ал ошондой эле беш-алты депутатты оппозициячыл, деп коомчулукка жаманатты кылууга аракеттенген депутат коллегаларын, митингде коюлуучу талаптар боюнча парламент токтом кабыл алганын эскертти.
"Биз койгон талаптарды мына сиздер дагы парламентте 44 добуш менен токтом кабыл алгансыздар. Бакиев-Кулов тандеми антиконституциялык, баш мыйзамга реформа болсун, дегенсиздер. 2-ноябрда өтүүчү митингке биз күнөөлүү эмеспиз. Биз, «Курманбек Салиевич, өзүңүз оозеки түрүндө, жазуу түрүндө берген убадаларыңызды, бийликке келерде андан кийин 24-25-марттагы аянтта берген убадаларыңызды аткарыңыз», деп атабыз".
Азимбек Бекназаров ошондой эле, мурда Акаевдин үйбүлөсү башкарып келсе, эми Бакиевдин үйбүлөсүнө өлкөнү башкартпайбыз, деди.
Депутат Темир Сариев бийлик экономикалык өсүштөр тууралуу байма-бай айтканы менен учурдагы кымбатчылык карапайым калкты кыйнап баратканын белгиледи. Коррупциянын гүлдөгөнүнөн, чиновниктердин бюрократтык мамилелеринен чет элден инвестиция келбей жатканына токтолду.
Сариев митинг маселеси боюнча кайрылуу кабыл алууну сунуштады.
Жарыш сөзгө чыккан айрым депутаттар митингде ар кандай чагым салууга жол берилип кан төгүлүшү мүмкүн деген кооптонууларын айтышты. Эки тарапты «ийри отуруп, түз кеңешип» сүйлөшүү жолу менен өлкөнү түндүк-түштүккө бөлбөй, атуулдук согушка жеткирбөөгө чакырды. Депутат Искак Масалиев Кыргызстан коммунисттери партиясы бийликти отставкага кетирүүгө каршы экендигин, ар бир маселени мыйзамдын чегинде чечүү керектигин айтты. Ал эми депутат Садыр Жапаров митинг өткөрүүнүн кажети жоктугун билдирип, митингде чатак чыгып кетсе, карапайым калк жабыр тартарын баса белгиледи.
"Жарандык согуш чыгып кетсе карапайым калк эле жабыр тартат. Мына 24-мартта канча адам өлдү. Карапайым адамдар өлдү. Бир чиновник өлдүбү? Өлгөн жок",-деди Садыр Жапаров.
Бир катар депутаттар президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчы Феликс Куловдун тандемин жокко чыгарууну, өлкөдө түзүлгөн экономикалык-социалдык оор абалдан алып чыгууга алардын мүмкүнчүлүгү жетпегенин айтып чыгышты.
Депутат Мелис Эшимканов жакында президент менен жолугушканын мындайча сыпаттады.
"Мурдагы күнү мен оппозициячыл саясатчылардын ичинен биринчи болуп президентке кирип сүйлөштүм. Өзү мени чакырткан экен. Экөөбүздүн сүйлөшүүбүз «сокур менен дүлөйдүн» сүйлөшүүсүндөй эле болду. Сокуру мен-Эшимканов, дүлөйү-Курманбек Бакиев өзү. Биз бир жарым жылдан бери кан какшап айтып келе атабыз, уулдарыңыздын, үкаларыңыздын алкымын тыйыңыз. Коррупцияны токтотуңуз, элге берген антыңызды, убадаларыңызды аткарыңыз. Криминал менен достошпоңуз, ыпылас адамдарды жаныңызга топтобоңуз, десек укпай «дүлөй» болуп отурат."
Эшимканов ошондой эле экс-президент Аскар Акаевдин камчысын чаап, оппозицияны соттоткон адамдар, Бакивди жана башка оппозициячыл саясатчыларды камап, 22-мартта коменданттык саат киргизүүнү сунуштаган, март окуясында элге каршы «ак шапкечендерди» уюштурган адамдар Бакиевдин айланасында отурат, деп кейиди.
Депутат Муратбек Мукашев учурда өлкөдө саясий-экономикалык оор кырдаал түзүлгөнүн, март окуясынан кийин жаңы бийлик элдин ишенимин актабаганын, кыргыз элине президенттен бак айтпаганын белгиледи. «Аскар Акаевдин тушунда экинчи бийлик Айдар менен Берметте болсо, азыр экинчи бийлик Марат менен Максимде», дейт Мукашев. Ал ошондой эле бийликтин ХИПИК программасына кирүү демилгесине каршы экенин билдирди.
Эртең менен 50 депутаттын катышуусунда башталган парламенттин бүгүнкү жыйыны кызуу талкууланып, кечке чейин созулду. Айрым депутаттар жыйын соңуна чейин катышпагандыктан кворум жок парламент 2-ноябрдагы митинг боюнча эч кандай токтом кабыл алган жок. Депутат Темир Сариев сунуштаган кайрылуу да кабыл алынбады.
Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров болсо президент Курманбек Бакиев «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрү менен ишембиде жолугушаарын бүгүн маалымдады.
Аманбек Жапаров, Бишкек