Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:46

ТБИЛИСИ МЕНЕН МАСКӨӨ АЛАКАСЫ ЫРБАГАНДАН ЫРБООДО


Грузияда орусиялык төрт офицерди тыңчылык кылды деп кармап, кийин чыгарып бергенден соң Москванын ал өлкөгө карата экономикалык кысымы күч алууда. Мыйзамсыз келген грузиндерди чыгарып таштоо уланууда. Анын айынан ара жолдо киши да каза болгон учур кездешүүдө. Грузиянын президенти Михаил Саакашвили кийинки айдын аягында өткөнү аткан КМШ саммитинде Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуп алаканы оңдоого үмүттөнө тургандыгын айткан. Ал арада Абхазия менен Түндүк Осетия таанылбаган жумурияттарды Москва бийлиги тааныйт деген кеп пайда болууда.

Тбилиси тыңчылык кылды деген төрт офицерин Кремлдик бийлик каада кадыр менен тосуп алды. Ошол эле учурда мыйзамсыз келип алган деп Орусия босогосунан чыгарып таштап аткан грузиялыктарды ал жакта да каада кадыр менен тосуп алып атышат экен. Айта кете турган жери Маскөөдөн аттантып аткан жүздөгөн иммигранттар арасында эмгеги эл аралык баага татыган грузиндер да бар экен. Алардын бири 15 жаштагы Елена Гедеванишвили быйылкы жылы муз тебүү өнөрү боюнча Европалык ат салышта бешинчи орунду ээлген бийкеч экен.

Маскөөнүн милициясы бийкечтин эне-атасын октябрдин башында Тбилисиге көчүрүп ийген. Венада ат салышууга катышып жүрүп келген Елена кийин Грузияга кетүүгө аргасыз болгон.

Дагы бир окуя, 16-октябрда Санкт-Петербургдан чыгарып таштоо үчүн тартылып келе жатканда 48 жаштагы Тенгиз Тогонидзе ара жолдо каза болгон. Анын чатагы Мамдумада тартышты пайда кылган. Эки депутаттын ошол окуяга карата мамилеси мындай чыккан. Либерал Владимир Рыжков муну азыркы бийликтин башка мамлекеттин атуулдарын тышка чыгарып салууда кетирип аткан кемчилиги катары баалады:

«Орусия федерациясы чыгарып таштоого дуушар болгон Грузиялык атуулдун ден соолугу менен өмүрүн коргоп бере алган жок», - дейт ал.

«Мекен» фракциясынын депутаты Виктор Алкснис айтканга караганда Түндүк Осетия менен Абхазияда грузиялыктар колдуу болуп өлүп аткандар алда канча көп:

«Эмне себептен Владимир Александрович грузиялык бир атуулдун өлүмүнө кайгырат? Кийинки он жыл ичинде Абхазияда бейпилдикте турушкан жүздөн ашуун орусиялыктарды грузиялыктар өлтүрүштү», - дейт ал.

Ушул кайым айтышуудан көрүп тургандай Маскөө менен Тбилиси ортосунда башкы чыр Грузиялык эки субъект тууралуу болуп атат. Советтер өлкөсү таркаганда Абхазия, Ажария жана Түндүк Осетия бөлүнүп алышкан. Ажария Саакашвили бийликке келгенде кайра кошулган. Ошондуктан Грузия үчүн эки субъектисин кайра өзүнө кошуу башкы маселе боюнча калууда.

Ал өлкө коргоо министри Ираклий Окурашвили жакында 2007-жылкы жаңы жылды Абхазияда тосо тургандыгын айткан. Анализчилер мындай каардын артында Орусияга каршы согуш ачуу жаткандай дешет. Министринин сөзүн президент Михаил Саакашвили кыйыр болсо да кубаттаган:

«Ираклий Окурашвили туулган жери Цхинвали. Ал калаада анын дос тууганы турат. Ошондуктан аны жасаган билдирүүсү ички саясатка да тышкы саясатка тийешеси жок. Аны кимдир бирөөлөрдүн көбүртүп жабыртышы болбогон жорук», - деген Грузиялык лидер.


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG