Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

«РЕФОРМА ҮЧҮН» КЫЙМЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮДӨН БАШ ТАРТТЫ


“Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү президент Курманбек Бакиев менен жолугушуудан баш тартты. Бул тууралуу аталган кыймылдын штаб башчысы Өмүрбек Абдрахманов “Азаттыкка” билдирди. Алар учурда жолугушуудан баш тарткан себептери жөнүндө “24 KG” агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүүдө. Ал эми ак үйдөгүлөр оппозиция менен жолугушууга даярданып жатышканын президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун билдирди. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров болсо “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү менен президент жолугушат, деп кечээ маалымдаган. Жолугушуу бүгүн саат 11де болмок.

XS
SM
MD
LG