Евросоюз Орусиянын мунайы менен газына көз каранды, ошол эле убакта Европа орусиялык энергетика булагынын башкы базары болуп саналат. Ошондуктан, тараптар мындай кош көз карандылыкты майнаптуу пайдалануу керек деген пикирде болушту. Бул максатты Финляндиянын өкмөт башчысы Матти Ванханнед мындайча жыйынтыктады:
– Биз президент Путинден энергетика секторун Орусия кандай өнүктүрүп жатканын билдик. Европа биримдиги Орусия менен эки тарапка бирдей милдеттүү, жакын, узак мезгилдүү жана тең салмактуу кызматташттыкта болууну көздөйт.
Бирок Финляндиянын президенти да Европа комиссиясынын жетекчиси Хозе Мануэл Бароссо да Орусияны түз сындашкан жок. Журналист Анна Политковскаянын жакында киши колдуу болушу жана Маскөөнүн Грузияны омуроолошу тууралуу үстүрт гана айтылды.
Путин өз кезегинде бардык шериктердин кызыкчылыгы эске алынмайын, "коопсуздук" болбой тургандыгын белгиледи.Орус президенти Европа Биримдиги сунуш эткен Энергетикалык хартия келишими базар мамилелерине негизделгенин туура кабылдаганын билдирди. Бир эле мезгилде Путин европалыктар талап кылган Орусиянын мунай-газ ташуу жолдору менен бөлүшүүсү, инвестициялардын коопсуздугун күч алдыруу сыяктуу талаптарына макул болгон жок. Эки тарап ушуну менен 24-ноябрда Хелсинкиде жолугушмак болуп тарады.
Жаңыл Жусупжан, Прага