Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

БИТИР САДАГА, ЗЕКЕТ БЕРҮҮ – МУСУЛМАНДЫН БИР ПАРЗЫ


Учурда мусулмандардын ыйык туткан орозо айы соңуна чыгып баратат. Орозо учурунда битир садагасын берүү салтка айланган. Битир- орозо айында жакырларга берилүүчү садага. Ушул жыйналган битир садага кандай максаттарга жумшалат, битир садаганын өлчөмү канча?

Карызынан же негизги муктаждыгынан сырткары эң аз нисаб өлчөмүндө мал- мүлкү же ошончолук баада акчасы болгон мусулмандын битир садагасын бериши милдет. Бул жөрөлгөнү кыскача битир деп атап жүрүшөт.

Битирдин өлчөмү, аны орозо айтка чейин берсе дурус болоорун, чогулган каражат жакырларга жана ислам окуу жайларына берилерин өлкөнүн мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов айтты:

- Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы өлкө мусулмандары үчүн садака- битирди төлөөнүн, аны жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун төмөнкү тартибин бекиткен. Садака битир жан башына 1кг. 600 гр. буудай же анын акчалай наркы өлчөмүндө мечиттерде чогултулат. Буудайдын наркы ар облуста ар башка болгондуктан түштүк аймагына 10 сом, түндүк тарапка 9 сом өлчөмүндө деп аныктадык. Жыйылган битирдин 50 пайызы мечиттерде калтырылып, шарият белгиленген тартипте чыгымдалат. Битирдин калган 40 пайызы Муфтиятка берилип, ал ислам окуу жайлары үчүн, ислам динин бекемдөө үчүн жумшалат. Садака битирдин калган 10 пайызы облустук казыяттарга чегерилет.Былтыр 600 миң сомдой акча битир садага катары чогултулуп, шариятка ылайык чыгымдалган.

Битир садага берүү менен мусулмандар орозосун бекемдеп, жан дүйнөсүн тазалоонун соопчулук амалы дейт орозо кармап жүргөн ишкер Мустафа Сабыркул уулу:

- Садака битирди берүү ар бир колунда бар адамга парз.Анткени пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салам садака- битирди чоң- кичинесине, аял- эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек деп бекиткенин Азрети умар айткан. Битир берүү менен орозону кармоонун кемчиликтерин, мүчүлүштөрүн толуктап, бекемдөө болот.

Битирди бир жакырга берсе да болот, бирок битирди экиге бөлүп берүүгө болбойт дешет муфтият кызматкерлери. Кандайдыр бир кечиримдүү себептер менен Рамазанда орозо кармай албаган кишилер жа жетиштүү мал- мүлккө ээ болушса, битирди берүүгө милдеттүү.

Битирди жетимдер, бозгундар, жесир аялдар жана оорулуу адамдар шарты жок болсо бербей, өздөрү соопчулук жардам катары алышса болоорун Кыргыз ислам университетинин ректору Нематулла ажы Жээнбеков билдирди.


Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG