Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:43

ЖОРЖ БУШ: ИРАКТА МАКСАТЫБЫЗ ЭМЕС, ТАКТИКАБЫЗ ӨЗГӨРӨТ


АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы зомбулук күчөп жатканын белгилеп, кан төгүүлөрдү азайтуу үчүн аскерий иш-аракеттердин тактикасын өзгөртүү керектигин билдирди. Бирок Америка Кошмо Штаттары эркин, демократиялуу Ирак куруу идеясынан баш тартпайт, - деди Буш.

Ишемби күнкү апталык үналгы кайрылуусунда АКШ президенти Жорж Уокер Буш Ирактагы аскерий иш-чаралардын тактикасы өзгөртүлөөрүн мындайча түшүндүрдү:

- Ирактагы максатыбыз ошол бойдон эле кала берет: биз жеңишти гана көздөйбүз. Максатка жетүү үчүн тактикабызды өзгөртөбүз. Ирактагы аскер башчыларыбыз душмандын кол салууларын алдын алуу үчүн аскерий аракеттерин улам жаңы шартка ылайыкташтырып келатышат.

Ирактагы зомбулуктун күчөшүн президент АКШ аскерлеринин активдүүлүгүнүн өсүп жатышы менен байланыштырды. Бул жерде козголоңчулардын үгүттөө стратегиясынын ролу да чоң, - деп белгиледи Буш.

Президенттин Ирактагы саясаты америкалыктар арасында ар кыл курч сын пикирлерди жаратып келатат.

Ишемби күнкү кайрылуусунда Буш АКШ буга чейинки багытынан эч тайбайт деп билдирди:

- Миссиябыз өтөлүнө чыкмайынча, биздин аскерлерибиз согуш талаасынан кетишпейт. Вашингтондогу айрым апаздар Ирактан чегинүү биздин коопсуздугубуз үчүн жакшы болот деп ырасташат. Мен буга макул эмесмин. Иракты таштап кетсек, террорчуларга Америкага каршы чабуулдарын ошол жерден даярдоого өбөлгө түзүлөт.

Кайрылуунун алдында президент Ирактагы генералдар менен жыйын өткөрүп, өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган эле.

Үстүбүздөгү айдын ичинде эле Иракта америкалык 75 чакты жоокер каза тапты.

Анын аралыгында “ал-Жазира” сыналгы каналы АКШнын Мамлекеттик департаментинин бөлүм башчысы Алберто Фернандестин интервьюсун обого чыгарды. Анда дипломат АКШ Иракта өз “макоолугун” жана “текебердигин” көргөздү деген.

Ошол эле маалда Фернандес АКШ Иракта ийгиликке жетише албаса, анда анын арты бүтүндөй регион үчүн өтө кооптуу болот деп кошумчалады.

Бирок мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Шон МакКормактын айтымында, Фернандестин сөздөрү “бурмаланып” келтирилген.

XS
SM
MD
LG