Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

МАДАНИЙ ОКУЯЛАР АФИШАСЫ


Бул жумада “Досум Усөн” тобунун көркөм жетекчиси Юрий Бобков 50 жылдык мааракесине арналган “Орус той берсе ойдогусун кылат” аттуу концертин берет. “Ар бир артистин өзүнүн бренди бар. Мисалы Күмөндөрдү «таракан”, Жаныбекти “шорпо” дейбиз. Мына ошол Жаныбектин шорпо деген ыры чыгып жатканда мен жардам бергем. Анан ал мага орус оюндагысын кылат деген бренд койгон. Мына ошол себептен концертимдин атын койгом”- дейт Юрий Бобков.




Концертте Юрий Бобковду куттуктап бир катар куудул-ырчылар келишет. Ошону менен бирге “Кыргызстан обондору” радиосунун жана КТРдин музыкалык студиясынын чыгармачыл жамааттары катышат.
Бул концертте ошондой эле жакында эле болуп өткөн “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу фестивалдын айрым катышуучулары да өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Мына ушундай ар улуттагы өнөрпоздордун катышуусунда өтө турган бул мааракелик концерт 29-октябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Мындан сырткары бул жумада орус композитору Дмитрий Шостаковичтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган чыгармачылык кече өтөт.

Шейшемби, шаршемби күндөрү улуттук филармонияда эстрада ырчысы Фарида Карбозова Бишкектин тургундарына жеке концертин тартуулайт.


Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде “Сүрөтчүлөр биримдигинин” Оштогу бөлүмүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган мааракелик көргөзмө өтүүдө. Бул көргөзмөдө живопись, графика жанрындагы сүрөттөр, чеберлердин колунан жаралган буюмдар жана айкелдер коюлган.

Бул жумада ошондой эле куудул Борончу Кудайбергенов 20 жылдык чыгармачылык мааракесине арналган концерттик программасы менен Нарын жергесине гастролго чыгат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG