Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА : АЗГА КӨНБӨГӨН КЫРГЫЗ (ПРЕЗИДЕНТ) КӨПКӨ КӨНӨБҮ?

Президент Курманбек Бакиев өткөн жылы Конституциялык кеңешме жактырган долбоорду парламенттин кароосуна коюуга даярдыгын билдирген. Бул маалыматты аны менен жолугушкан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жарыялашууда. Жогорку Кенештин ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган кеңешме жактырган ал долбоордун негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Учурда оппозиция парламенттин кароосуна коюуну талап кылган, президент ага макул болуп жаткан Конституциянын долбоорун Жогорку Кенештин ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев башында турган Конституциялык кеңешме иштеп чыккан. 114 кишиден турган ал кеңешме 2005-жылдын 28-апрелинде алгачкы отурумун өткөрүп, июнь айына карай долбоорду иштеп чыккан. Ал долбоордо президентти бир мөөнөткө гана шайлоо, президенттин ыйгарым-укуктарын чектөө, парламенттин санын 105 депутатка жеткирип, анын 70 партиялык тизме, калганын бир мандаттуу округдардан шайлоо, соттун чечими менен гана камакка алууга уруксат берүү өңдүү өзгөртүүлөр каралган.

Кеңешмеде президенттин ыйгарым-укуктары каралган Конституциянын 46 беренеси тап-такыр жаңы редакцияда жазылган. Анда мамлекет башчынын өкмөткө таасири кыскартылган. Маселен, ал долбоорго ылайык президент өкмөт башчысын, өкмөт мүчөлөрүн парламенттин макулдугу менен гана кызматтан бошото алат.

Президент тарап ал долбоорго нааразы болгон. Ошондуктан долбоордун үстүнөн ишти улантуу максатында кеңешмеге төрагалык кылуу президент Курманбек Бакиевге өткөрүлүп берилген. Бирок 2005-жылдын күзүндө улантылган талкууларда башкаруу формасы боюнча талаш туңгуюкка кептелип, кеңешменин иши үзгүлтүккө учурап калган.
Натыйжада президент бул маселе боюнча быйылкы жылдын аягына карай референдум өткөрүүнү белгилеген жардыкка кол койгон.

Өмүрбек Текебаев башында турган кеңешме жактырган долбоор тууралуу ал кеңешменин мүчөсү Жыпар Жекшеев буларды белгиледи:

"Жогорку Кенештин токтому менен түзүлгөн биринчи Конституциялык кеңешменин курамы иштеп чыккан долбоордо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулуктуу сактоо аракети жасалган. Анткени, 15 жылдан бери Акаев 2-3-жылдын ичинде улам референдум өткөрүп атып, президенттин бийлигин өтө күчтүү кылып ийип, калган бийлик бутактарын аксак абалда калтырган. Ошентип долбоордо бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту сактоо аракети болуп, Президенттин бийлиги кыскартылган" .

Жыпар Жекшеевдин пикиринде, бул долбоордо да кемчиликтер бар. Ошондуктан дагы бир жумушчу топ түзүп, ал кемчиликтерди четтетип, башка долбоорлордун жакшы жактарын кошуп алуу керек.
Конституциялык кеңешменин биринчи курамы иштеп чыккан долбоорго ылайык 30 депутат кошумча шайланып, Жогорку Кенештин депутаттарынын саны 105 жетиш керек. Бирок долбоордо шайлоодо жеңишке жетишкен партиянын өкмөттү түзөөрү, облустук, райондук жетекчилер ким тарабынан дайындалаары жазылбай калган. «Интербилим» уюмунун башчысы Асия Сасыкбаева мына ушуга окшогон кемчиликтерди кеңешмеде чогулуп четтетсе болот дейт.

Президент долбоордогу кемчиликтерди четтетүү үчүн жумушчу топ түзүүгө макулдугун билдирген. Ал тууралуу президент менен ишембиде жолугушкан «Кылым шамы» уюмунун лидери Азиза Абдрасулова президенттин позициясын мындайча айтып берди:

"Ошону мен парламентке берүүгө даярмын деди. Бирок (президент) ошол долбоордо Венеция комиссиясынын корутундусунда белгиленгендей, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн айтымында, кемчиликтер бар экен. Тез арада жумушчу топ түзүп, ошого кошумча жана өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. Андан соң референдум эмес, парламент аркылуу кабыл алдырганга даярмын деди президент".

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, 30-октябрда президент парламентке барат. Мына ошол жерде өлкөдөгү кырдаал менен катар, конституциялык реформа боюнча да өзүнүн оюн ортого салат.

Айданбек Акмат уулу, Бишкек
XS
SM
MD
LG