Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

БЕЛГИЛҮҮ СПОРТЧУ РОССИЯДАН КЕТҮҮГӨ МАЖБУР БОЛДУ


Россиянын этник грузиндерге каршы көрүп жаткан чараларынан жүздөгөн кишилер жабыркашты. Алардын арасында көркөм муз тебүү боюнча белгилүү спортчу 16-жашар Елена Гедеванишвили да бар. Турин Олимпиада оюндарында эң мыкты 10 көркөм муз тебүүчүлөрдүн катарына кирген спортчу көп жылдардан бери Москвада жашап, Москвада машыкчу. Грузияда көркөм муз тебүү менен машыгууга тиешелүү шарттар азырынча жок, ошон үчүн Москвадан кетүүгө мажбур болгон спортсмен башка бир өлкөдө машыгып, спорттук карьерасын улантуу жолдорун караштырып жатат.

16 жаштагы спортчу кызды Москванын полициясы кечинде ал энеси менен бирге машыгуудан келаткан чакта токтоткон. Төрт саат бою полиция бөлүмүндө отурушкан соң аларга Еленанын апасы Мака Гамкерлидзенин паспортунда мыйзамга туура келбеген жерлер бар экенин айтышып, аны депортациялоону чечишкен. Мака Гамкерлидзеге Россиядан чыгып кетүү үчүн 10 эле күн берилген. Анын айтымында, көптөгөн жылдар бою кынтыксыз болгон документтер бул жолу туура эмес болуп чыккан. Ошентип Елена же Москвада жалгыз калууну, жэ энеси менен бирге мекенине кайтуунун ортосунда тандоого мажбур болуп, акыры энеси менен чогуу болууну чечкен.

Өткөн аптада Тбилисиге учуп келген Елена Гедеванишвилини мекендештери кучак жайып, улуттун зоболосун көтөргөн мартабалуу инсан катары кубанычтуу каршы алышты. Аэропортто өткөн салтанатта президент Михаил Саакашвили спортсменге "Ата мекенине сиңирген эмгеги үчүн" деген орденди тапшырып, буларды айтты,

"Менимче бул Россия үчүн чоң жоготуу, ал эми Грузия үчүн ири утуш болду. Тыңчылык кылды деген айып менен өлкөдөн чыгарып жиберилген жарандарын Россия салтанатуу тосуп алып жатса, биз Россиядан кетүүгө мажбур болгон чемпиондорубузду кучак жайып кабыл алып жатабыз. Мен биздин чемпионубузга өлкөнүн эң жогорку сыйлыктарынын бири "Мекенине сиңирген эмгеги үчүн" деген орденди тапшырам", -деди президент Саакашвили.

Көркөм муз тебүүчү Елена Гедеванишвили Россиядан спорттук карьерасынын эң жоопкерчиликтүү жерине келген чакта кетүүгө мажбур болду. Өткөн январда спортсмен Европа чемпионатында кыз-келиндердин арасындагы көркөм муз тебүүдө бешинчи орунду ээлеген, ал эми Туринде өткөн кышкы олимпиадада өз тобундагы эң мыкты 10 спортчунун катарына кирген. Жакында болсо ал көркөм муз тебүү боюнча Эл аралык бирикме тарабынан Вена шаарында уюштурулган мелдеште өз тобунда биринчи орунду алды.

Бирок, тилекке каршы, Елена Тбилисиде спорттук карьерасын ойдогудай уланта албайт. Россиялык белгилүү көркөм муз тебүүчү Елена Водорезованын сунушу боюнча Гедеванишвили машыгуусун Эстонияда улантууну ойлонуштуруп жатат. Бул жөнүндө Елена мындай дейт:

"Алар менин апамды депортациялашты, мен Москвада жалгыз кала албай, ал жактан кетүүгө мажбур болдум. Эми мен Таллинге барып, машыгуумду улантканы жатам",- деди Елена.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG