Ал-Жазиира телеканалына берген интервьюсунда Алберто Фернандез: "Биз Иракта колубуздан келишинче аракеттендик, бирок биздин сынга турган жактарыбыз толтура. АКШ Иракта бой көтөрүүчүлүгү менен келесоолугун көрсөттү",- деди арабча берген маалыматында.
Жооптуу дипломаттын өз администрациясын минтип ачыктан- ачык сынга алышы көпчүлүктү таң калтырды. АКШнын мамдепартаменти бул комментарийден ошол замат обочолонду. Ал эми Фернандездин өзү көп өтпөй айткандарын кайра алып, бул пикири анын жана АКШнын чыныгы көз караштарын чагылдырбасын айтып чыкты.
Фернандездин Ал-Жазирадагы комментарийинин артында эмнелер турбасын, айтор ал баары бир АКШнын Ирак саясаты боюнча Буш администрациясы менен республикачылардын ичинде көтөрүлгөн жаңы талкууларга кошул-ташыл болду. 21-октябрда радиодон сүйлөгөн сөзүндө президент Буш Иракта зордукчул аракеттер күч алганын жана ирактыктар менен коалициялык күчтөрдүн жоготуулары көбөйгөндүгүн мойнуна алды. Соңуна чыга элек жаткан октябрь айында эле Иракта 83 америкалык солдат курман болду. Бул 2005- жылдын ноябрь айынан берки эң жогорку көрсөткүч.
Ирактагы саясатты өзгөртүүнү талап кылгандарга Сенаттын Куралдуу Кызматы боюнча комитетинин төрагасы Ричард Лугар да кошулду.
"Ирак калкынын кеминде 40-60 проценти жумушсуз. Мунай өндүрүү төмөндөп баратат. Өлкөдө коррупция орун алууда. Акыбал тынч жол менен турукталып, же аны аскердик жол менен жөнгө салууга туура келген күнү да, элдин өкмөткө эмне менен жооп кайтарары белгисиз. Ошон үчүн биз Иракты кайра куруунун башка жолдорун ойлонуштуруп жатабыз",- деди Лугар.
Мындан мурда британ аскерлерлеринин командачысы, генерал Ричард Даннат британ аскерлери Ирактан чыгарылып кетүүгө тийиш, алар өлкөдөгү абалды ого бетер ырбатууда, деп билдирип, Британияда талаш-талкууларга тамызгы болгон эле.
Ирактын вице-премьер-министри Баргам Салих эл аралык күчтөр Иракта түбөлүккө кала бербесин түшүнүп турганын белгилеп, ошону менен бирге эле Вашингтон менен Лондондон Ирактагы аскерлерин чыгарып кетпей тура туруусун өтүндү.
"Эл аралык коомчулук Ирактагы ишти түбөлүккө өз мойнуна ала албасын жакшы түшүнүп турабыз. Ирактагы абалды турукташтыруу акыры Ирак өкмөтү менен ирактыктардын өздөрүнүн вазыйпасы", -деди Салих 23-октябрда Лондондо Британ премьери Тони Блэр менен өткөн сүйлөшүүлөрдө.
Көптөгөн америкалыктар азыр АКШнын мурдагы тышкы иштер министри, Буштардын үй бүлөөсүнүн ишенимдүү кеңешчиси Жэймс Бэйкердин сөзүн күтүп жатышат. Бэйкер АКШнын Ирактагы альтернативдүү стратегиясы жөнүндөгү талкууларды жетектейт. Талкуунун жыйынктыгы 7-ноябрда Конгресске өтө турган шайлоодон кийин чыгарылат.
Сүрөттө: Октябрь айында эле Иракта 83 америкалык солдат курман болду.
Баян Жумакадыр кызы, Прага