Уюмдун быйылкы жадыбалында Босния-Герцеговина, Бенин, Намибия жана Гана басма сөз эркиндигинин абалы жагынан Франция менен Италияга караганда бир кыйла жогорку орунга жайгаштырылган.
Жадыбалда Францияга - 37, Италияга - 40-орун тийген.
Ал эми АКШ болсо быйыл 56- орунда аталат. Эркиндик көрсөткүчү жагынан Кошмо Штаттары жадесе Македония, Мозамбик, Сербия, Ботсвана,Хорватия сыяктуу өлкөлөрдөн да артта калган.
“Бул абдан кушубак кабар, мунун өзү жакыр өлкөдө деле сөз эркиндигин сактаса болорун көрсөтөт”, - деп айтылат документте.
Ал эми демократиясы өнүккөн АКШда, Францияда,Японияда жана башка өлкөлөрдө,тескерисинче, тигил же бул жүйөөдөн улам журналисттерге кысым көрсөтүү күч ала баштаганын “Чек арасыз кабарчылар” өтө кооптуу тенденция деп атайт.
Айрыкча АКШда президент Буш “улуттук коопсуздук” концепциясын активдүү колдоно баштагандан тартып бийликтер менен маалымат каражаттарынын мамилеси кескин начарлады.
“Терроризмге каршы согушту” сындаган, маалыматтарды кайдан алганын жашырган журналисттер же кызматтан алынып, же камалган учурлар арбыды.
Францияда өткөн жылдын күзү журналисттерге өтө кыйын кезең болду, деп айтылат докладда. Париждин четиндеги тополоң жана профсоюздардын өкмөт менен талаш-тартыштары маалында айрым журналисттерге ачык кекенген, алардын көзүн тазалайбыз деп коркуткан учурлар көп болду.
Японияда улутчулдар менен ашынган оңчулдардан бир канча кабарчы жабыркады. “Чек арасыз кабарчылар” Мукамбет пайгамбарга тартылган такмаза сүрөттөргө байланыштуу да Данияда эркиндиктин көрсөткүчү бир кыйла төмөндөп кеткенин белгилеген.
Докладда басма сөз эркиндигине айрыкча кастарын тиккен Түндүк Корея,Кытай,Куба, Эритерия,Түркмөнстан баштагыдай эле дүйнөдөгү эң репресивдүү режимдер деп аталган.
Уюмдун жадыбалында алар эң акыркы саптарга, мисалы,Түндүк Корея –
168-, Түркмөнстан – 167-орунга жайгаштырылган.
Кабарчы Огулсапар Мурадованын түрмөдө каза болгону түркмөндөрдүн такылеттик президенти Сапармурад Ниязов өзүнө сын айткандарга кандай мамиле жасарын дагы бир ирет айкын көрсөттү, деп айтылат документте.
Региондогу өлкөлөрдөн жадыбалда Тажикстан – 117-,Кыргызстан – 123-,Казакстан - 128-орунга коюлган.
Экс-советтик бул республикалардан Россия бир канча тепкичке артта калган. Ага жадыбалдан быйыл 147-орун тийген.
Айрыкча Кремлдин дамамат сынчысы катары таанылган Анна Политковскаянын киши колдуу болгону Россияда кабарчылык иш коркунучтуу кесип бойдон калганын бышыктады, деп белгилейт докладдын авторлору.
Өзбекстан болсо жадыбалдын эң төмөнкү бөлүгүндө - 158- болуп аталган.
“Чек арасыз кабарчылардын” эң жогорку баасына быйыл да кайрадан түндүк европалык өлкөлөр – Финляндия,Исландия, Ирландия, Нидерландия арзыган.
Бул өлкөлөрдө цензуранын, журналисттерге каршы кандайдыр бир кысым көрсөтүүнүн, коркутуп-үркүтүүнүн фактылары катталган эмес.