Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

НУРЛАН МОТУЕВ: «МЕНИН АРТЫМДА АДЫЛ БАКИЕВ ТУРГАН»


Азыркы күндө Каракече көмүр чырына байланыштуу абакта олтурган Нурлан Мотуев «Агым» гезитине берген маегинде ушундай деди.

-Ачык эле айтам, корко турган түрүм жок. Менин артымда Адыл Бакиев турган. Ал Каракечеге дагестандык Абдрахман Бабакиев деген криминалды алып келип койгон. Бийлик алмашкандан кийин Курманбек Бакиев өзү кабыл алган, кийин Жумгал эли менен жолугушканда «Каракечени эми жакшылап иштеткиле, өзүңөрдүн балаңарды шайлап алдыңар» деп колдогон жайы бар. Мунун баары видеотасмада жазылуу,-дейт абакта жатып интервью берген Нурлан Мотуев.

Ушул эле гезит учурда улуттук телерадио эмгек жаммааты да тынч эместигин, анын айрым кызматкерлери 2-ноябрдагы митингке чыгабыз деп атышканын, өлкөдөгү адилетсиз саясатка нааразы болушкан Жалал-Абад шаарынан 5 миң, Ош шаарынан 2 миң өзбек улутунун жарандары да 2-ноябрдагы митингке катышып К.Бакиевдин отставкасын талап кылышарын жазды.

«Кыргыз руху» гезити, медицина илимдеринин доктору Кубанычбек Апас менен аңгеме-дүкөн курган. Көп жылдан бери Маскөөдө жашап, иштеп келаткан саясатчы-доктор:

-Азыр Россия Бакиевдин алсыздыгын колдонуп жатат. Москва Кыргызстандын эсебинен байып алууну көздөйт. Ал Бакиевдин аялы жана баласы Максим аркылуу иш жүргүзөт. Азыр Кыргызстандагы эң биринчи киши-Максим Бакиев. Биздеги маалыматтарга караганда Бакиев ФСБнын адамы,-деп айткан.

«МСН» гезити «Реформа үчүн» кыймылы штабынын координатору Өмүрбек Абдыракманов менен «Дастан» акционердик коому башкармалыгынын төрагасы Каныбек Табалдиевдин Кыргызстанда болуп өткөн менчиктештирүүнүн абалына сереп салган алым-сабагына орун берди. К.Табалдиев мырза сөзүнүн аягында.

- Мен азыркы күндө эч кандай революцияны каалабайм, революция деген бизнеске жаман кесепетин тийгизет,-десе, Өмүрбек Абдыракманов, азыр маселени легитимдүү жол менен чечүү мүмкүн болбой калгандыгын айтып келип:

- Менин күнөөм президент менен жолукканда болгонун болгондой ачык айтканым. Кечээ эле жаңы бийликти кулатыш керек деген ишкерлердин жакында К.Бакиевдин кабыл алуусунда олтурганын көрдүм. Анан буга кантип таң калбайсың,- дейт.

Ал эми мамлекеттик салык инспекциясынын деректиринин 1-орунбасары Жеңишбек Эшемкулов ушул эле гезиттеги интервьюсунда:- «Дордой» базарындагы 102 контейнер товар сактоочу кампа катары пайдаланылып, мамлекетке эч кандай салык төлөбөй келген, дагы 80 контейнер орнотууга коюлган, бирок мына ушул 248 контейнердин баары эсепке киргизилген эмес. Биздин комиссиянын иш-аракеттеринен кийин «Дордойдон» өндүрүлүүчү салык мурда ай сайын 7 миллион сом болсо, азыр 15 миллион сомду түздү,- деп айтат.

«Эркин тоо» гезити «Көпчүлүк депутаттар көчө жүрүшүнө көңүлдөнбөдү» деген теманын алдында Жогорку Кеңештин үч депутатынын 2-ноябрда өтө турган митингке карата ой-пикирлерин сураган.

Депутат Улукбек Оморов:- Эми менден шайлоочуларым сурап атышат, 2-ноябрда эмне болот, экономика өспөй турган болсо башка жакка көчүп кетсекпби деп. Менин айтаарым, «Реформа үчүн» кыймылы менен бийлик олтуруп алып сүйлөшсүн,-деп жооп берсе, депутат Мурат Жураев:- Лейлек районунун эли 100 пайыз Бакиевди колдойт. Президент кетсе ордуна эч кимиси жок жетим, мыкты жетекчи келээрине мен ишенбейм. Бүгүн 600 миңдей эмигранттарыбыз Россияда жүрөт. Эгер Путин алардын жарымын эле кууп чыкса, алар келип Кыргызстанды эки эле күндө аңтарып жиберет,-деген. Депутат Айдарбек Керимкулов:- Шерниязов, Текебаев, Садырбаевдерди түшүнсө болот. Булар түз сөздөрүн мурун да айтып келишкен, азыр да айтып жатышат. Экономикага кайрылбайлыбы? Жөнөкөй элди ойлобойлубу? Митингди токтотпойлубу?- деп жооп берет.

"Слово Кыргызстана» гезити «Эмне үчүн инфарк баса баштады?» деп, медицина илимдеринин доктору, окумуштуу-кардиолог Кубаныч Айтбаевге суроо салат.

- Жүрөктүн бул оорусу жыл сайын 17 миллион адамды бул дүйнөдөн тиги дүйнөгө алып кетип турарын, ал эми Кыргызстанда бул оору башка ооруларга караганда биринчи орунга чыкканын, тилекке каршы кийинки учурда жаштар да дартка чалдыга баштаганын… экономикалык кыйынчылык, жумушсуздук, калкты карайлаткан жакырчылык, айрыкча эреңки күнгө ишенимдин жоктугу жүрөк-кантамыр ооруларынын күчөшүн шарттап жатат,-деп жооп берет доктор.

Баяндаган Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG