Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

БИЙЛИК ЖАНА ОППОЗИЦИЯ: СҮЙЛӨШҮҮДӨН КИМ КАЧЫП ЖАТАТ?


Бийлик менен оппозиция ортосунда жолугушуу качан болоору белгисиз. 25-октябрдан тарта президент түштүк регионго сапарга чыкса, оппозиция өкүлдөрү 27-октябрда ар кай жакта болоорун жарыялашты. http://gdb.rferl.org/5E43AE2F-691D-46BF-8A70-582FDFF00874_w203.jpg --> http://gdb.rferl.org/5E43AE2F-691D-46BF-8A70-582FDFF00874_mw800_mh600.jpg

Оппозиция менен бийликтин өткөн ишемби күнгө белгиленген сүйлөшүүлөр жолугушуунун форматы бийлик тарабынан бузулганына байланыштуу үзгүлтүккө учураган. Бирок президент жолугушуу форматын оппозиция каалагандай түрдө өткөрүүгө дароо макул болуп, оппозиция өкүлдөрүн акыр-аягына чейин күтүп отурганын «Менин өлкөм» партиясынын өкүлү Галина Куликова ишемби күнү билдирген.

Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурагандан кийин «Реформа үчүн» кыймылы 23-октябрда жыйын куруп, анда ошол эле күнү президент менен жолугушууга жаңы форматта баруу чечимине келген. Оппозиция бул ирет төрттөн-төрттөн болуп, тактап айтканда, «Реформа үчүн» кыймылдан Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаев, Темир Сариев жана Азимбек Бекназаров, ал эми бийлик тараптан президент, өкмөт башчы, президенттик администрация башчысы жана мамлекеттик катчынын катышуусу менен сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган.Бирок президент түштүккө иш сапарга жана күн тартибиндеги башка иштерге байланыштуу жолугушууну 27-октябрга, же 28-октябрга которууну сунуштаган.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевдин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, 27-28-октябрда оппозиция өкүлдөрүнүн өздөрүнүн иш чаралары бар, алардын айрымдары өз шайлоочулары менен жолугушууда болушат. Ошондуктан жолушуунун ал күндөрү болоору күмөндүү.

«Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин «Азаттыкка» билдирүүсүнө караганда, бул маселе кыймылдын кеңешинде талкуулана элек.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев эки тараптын жолугушуусунун датасы аныктала электигин тастыктап, буларды айтты:

«Президент жолугушууга, сүйлөшүүгө дайым даяр. Президент мамлекеттин тынчтыгын камсыздаган негизги киши катары сүйлөшүүлөргө даяр».

Кыргызстан демократиялык партиясынын лидери Жыпар Жекшеев эки тараптын сүйлөшүүгө келе албай жатышына карата мындай пикирин билдирди:

«Расмий бийлик деп биз шайлап алгандар жолугууга даярбыз деп бир нече ирет оюн билдирди. Оппозиция да өздөрүнүн жогорку саясий маданиятын көрсөтүп, жолугууга барыш керек болчу. Сөзсүз түрдө реалдуу, сергек көз караш менен карап туруп, бир компромисске келиш керек. Анан мен бүгүн түшүнбөй турам, эмне себептен жолугушуу ушунчалык проблемага айланып кеткенин».
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG