Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

ТОГУЗ АЙДА ӨРТ КЫРСЫГЫНАН 47 АДАМ КАЗА БОЛГОН


Быйылкы 9 айдын статистикалык маалыматына караганда 2 миңден ашуун өрт кырсыктарынынын кесепетинен 37 млн. сомдук материалдык байлык күйүп, жок болгон. Ошондой эле өрт өчүрүүчүлөр кырсыктан 67 адамдын өмүрүн сактап калышкан.

Чукул кырдаалдар жана экология министрлигинин өрттөн сактоо башкармасынын үгүт- насаат бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташманбетовдун айтымында бардык катталган өрт кырсыктары турак үйлөрдөн, коопсуздукту сактабагандыктан чыгып, натыйжада 20 млн. сомдук чыгымга алып келген. Өлкөнүн өрт өчүрүүчүлөр кызматынын аркасы менен 3 млрд. сомдук материалдык байлыктар сакталып калган.

-Тамеки чегип, калдыгын өчүрбөй ыргытуудан, ширеңке чагып, өчүрбөй таштоодон өрттүн 24 пайызы, электр жабдууларын жана аспаптарын пайдаланууда өрткө каршы эрежелерди бузгандыктан 30 пайызы, балдардын от менен ойноп, шоктугунан кырсыктын 9 пайызы жана меш салдырганда же пайдаланганда өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабагандыктан 8 пайызы чыгып турат.

Өрткө каршы күрөшүү милдетин аркалаган мекеме эгемендүү өлкө болгону бир дагы жаңы өрт өчүрүүчү машина алган эмес. Совет доорунан калган унаа, жабдууларды оңдоп түздөп эптеп кырдаалды жөнгө салып турушат. Учурда өрт өчүрүүчү машиналардын 80 пайызы өз иштөө мөөнөтүн эбак бүткөрүп, жаңыртууну талап кылат.

Өрт өчүрүүчү жоокерлердин айлык акылары 1-2 миң сом болгондуктан өмүрүн тобокелге салып, бул тармакта иштөөгө дилгир жаштар деле арбын эмес.

Тилсиз жоо аталган өрт кырсыгынан сактануу иш- чаралары солгундап бараткандай сезилет. Кыш келаткандыктан отун, көмүр кымбат болгондуктан өлкө тургундары турак жайын электр энергиясы менен жылытып, колдо жасалган электр жабдууларын колдонушат. Октябрь айынын башында Бишкектен электр жылыткычтарынан чыккан өрт кырсыгынан 2 жаштагы кыз каза болгон.

Өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчүлөр убагында келбегенин, келсе дагы суу түтүктөрү жетпей же жабдуулары начардыгын бишкектик Азат Исраилов айтып, коопсуздукту сактоо боюнча үгүт- насаат иштери начар жүргүзүлгөнүнө капа болду.

Кемин районунда эле 300 гектар дан эгини өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен.

Былтыр Бишкекте «Бител» компаниясынын имаратынан өрт чыгып, чатыры күйүп, болжол менен 250 миң долларлык зыян тартышкан.

Мурдакы жылы Бишкектеги «Турбаза» өрттөнгөндө эле 475 млн. сомдук материалдык чыгым болгон. Кытайлык айрым соодагерлер дагы миңдеген товарларынын күйүп жок болгондугун жаап, жашырып да коюшкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG